www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя мындан бир топ жыл мурун болуп кеткен. Аны эстегим да келчү эмес, эми газетага жарыялоону ылайык көрдүм.
Мен жогорку окуу жайын бүткөм, кесибим мугалим болчу. Бирок иштебедим. Анткени жолдошум менин иштешиме башында эле каршы болгон, ошондон улам баламды карап үйдө олтурганыма мына быйыл он беш жылдын жүзү болду. Иштебедим деп өкүнбөйм деле, анткени жашообуз ойдогудай, күйөөмдүн акчасы эле жетиштүү. Же өзүм да үйгө олтуруп көнүп калганмынбы, айтор көчөгө чыккым келбейт. Өгүнү гана кичүү кайним үйлөнүп, аны айылга Кантка узатып барып келдик. Кайын-журтума көпкө деле жүрчү эмес элем, бул жолу толук бир жума кармалдым. Тойдун шарданы менен күн-түндөн кандай өткөнү деле билинбеди, бирок мен өзүм уктаарга келгенде эле аябай кыйналдым. Билбейм, төшөккө жаткандан кийин эле кыйналып, өзүмдөн-өзүм ачуум келип акыры башым ооруп чыгат. Айласыздан кайра турам да үй оокатына алаксыйм. Башым басылгансып калат, бирок эч жатып уктагым келбейт. Өмүрүмдө мындай абалга биринчи жолу туш болуп олтурганыма аябай таңкалдым. Ошентип туура бир жума өткөндөн кийин өз үйүмө келип кадимкидей жаным жай ал түштү. Эми көзүм ачылбай эле күнү-түнү да уктадым, кадимкидей жеңилдеп калдым. Анан мындан үч-төрт жума мурун ошол кайним менен келинимди алып кайынэнем келиптир. Анан аларга атайын даярдалган жууркан, төшөк кошо ала келди. Анткени келин окуусун аяктарына аз гана убакыт калган, ошондуктан кайним экөө шаардан батир таап алганча биздикине турмай болду. Алгач мен деле эч нерсени этибарга алган эмесмин. Бир күнү келиним эртең менен аябай ак шишик тартып калыптыр."Түнү эле уктай албай аябай кыйналып чыктым. Башым да ооруп турат" деди жөн гана. Анан мен дароо эле алар салынып жаткан төшөкчөнү карадым. Кадимкидей денем дүркүрөй түштү, анткени өгүнү мен барганда дал ушул төшөкчөнү салынган элем да. Эми кадимкидей бул төшөктө бир нерсе бар экенин шекшинип калдым да, аны келиним менен акылдашып туруп эч ким жокто төшөктү сөгүп көрдүк.
Сиздерге калп, бизге чын. Ичиндеги кебездердин арасында тоголоктошкон капкара чүпүрөктө оролгон кадимки эле майда топурак чыкты. Оозубузду ачып, таңкалып эле калдык. Анан аны алып "Ош" базарында олтурган цыган аялдарга жакшы дегенинен ошол жака барып, сары чачтуу кичинекей аялга көрсөттүк. Ал карап көрүп дароо эле "Бул деген кадимки эле мүрзөнүн топурагы экен. Аял киши жасаган экен. Дагы эрте билгениңер жакшы болуптур, болбосо мунун зыянынан башка пайдасы тиймек эмес" деди. Анан ал аялдын айтуусу боюнча ал топуракты ээн талаага алып барып көөмүп салдык. Үйгө келип баягы төшөктү да өрттөдүк. Эми келиним башка төшөк салынгандан бери кадимкидей өзүн жакшы сезип калды. Муну ким жасаган экен деп айраң таң калып жүргөм. Анан кечээ жакында кайын энем келип калыптыр. Сөздөн сөз чыгып олтуруп келиним экөөбүз болгон окуяны толугу менен айтып берсек, кайын энем да аябай таң калды. А бирок ал төшөкчөнү мындан беш-алты ай мурун эле коңшу келинге көктөткөнүн эстеди. Ошондо барып анан башын муштагылады. Көрсө, ал келин мурда менин ошол кичүү кайним менен сүйлөшүп жүрчү экен. Бирок, кайнатам каршылык кылып кайнимди ал кызга үйлөндүрбөй койгон да кайнимди шаарга ишке орноштурган. Анан ал кызды кайнимдин кошуна жашаган классташ баласы ала качып алган экен.
Бирок, аял ушактарда ал кыз дале кайнимди жакшы көрөт имиш. Кайним үйлөнгөндө теңтуш келиндерине арманын айткан экен. "Бир гана ошонун колунан келди. Анткени мен кебездерин өзүм бирден иреттеп бергем" дейт кайын энем. "Эми жакшы молдолорго барып кеп-кеңеш сурап көрөм" деп кетти. Мындай адам баласынын бири-бирине ушунчалыкка чейин арамдык жасаганын көздөгөн адамдын өзүнө гана эмес, башкаларга да зыянын минтип тийгизип олтурбайбы. Бул окуя башкаларга сабак болуулары тийиш. Дегинки ой ушундай кара ниет адамдардан Кудай Сактасын!
Булак: Шамбала