www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматыда «чек арадан мыйзамсыз товар өткөргөн» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топ түзгөн» деп айыпталган Кыргызстандын мурдагы парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган 11 адамга өкүм чыкты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Сот Дамирбек Асылбек уулуна аны кыргыз жараны деп эсептеп өкүм чыгарды. Буга чейин Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аны «казак жараны» деп мандатынан ажыратып салган.
Казакстандын Алматы шаарынын район аралык соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Алты айга созулган сот иши боюнча өкүмдү Алматы район аралык сотунун судьясы Бакытхан Бакирбаев окуду:
«Жыйынтыктап алганда Дамирбек Асылбек уулу он жылга өкүм кылынсын жана өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салынсын. Анын жазасы ал камакка алынган убактан – 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет».
Алты айдан бери өтүп жаткан сотто Судья Кыргызстандын мурдагы депутаты жазасын коопсуздук деңгээли жогору мекемеде өтөй турганын да айтты.
Кыргызстандын Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган эки жараны - Уланбек Мурадилов 10 жылга, ал эми Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылды.
Буга чейинки сот отурумунда прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүн камакка алып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранган. Казакстандын прокурорлору Асылбек уулу «депутаттык кызматын пайда табуу жана мыйзамсыз баюу максатында пайдаланып, эл аралык уюшкан кылмыш тобун түзгөн» жана «ал топту Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга мыйзамсыз жол менен товар ташууга пайдаланган» деп эсептейт.
Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков буга чейин Дамирбек Асылбек уулунун бул иште күнөөсү жок жана ал чагым болду деп эсептей турганын билдирген:
Руслан Чойбеков.
«Бул бир аз саясий процесс болуп калды көрүнөт. Ал жерде кармалган башка айыпталуучулардын баары Дамирбекти тааныбай турганын айтышты. Аны менен отургандардын баары - чек аранын айланасында туруп такси, араба түртүп кызмат көрсөткөн балдар. Ал жерде отурган казак жана кыргыз жарандары бири-бирин тааныбайт экен. «Анан кандайча “уюшкан кылмыш тобу, эл аралык аткезчилик” деп айтылып жатат?» деп айтып жатышат».
Кыргызстандын БШКсы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кийин аны казак жарандыгынан ажыраткан. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.
37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.
Булак: NazarNews.kg