www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Эки кабаттуу салынган биздин айылда эски контора бар. Ал тээ союз мезгилинде эле салынган. Ошондо мындай эки кабаттуу болуп салынган контора район боюнча бир да айылда жок болчу. Жада калса, райондун борборунда да салынбаган. Кандайча биздин айылга салынып калганы белгисиз, сыягы, тээ борбор тараптан ушундай буйрук келсе керек. Фундаменти да бийик, терезелери да чоң, ак бышык кирпич менен салынган. Мына андан бери канча убакыт өттү. Ал азыркыга чейин сынын жоготпой келе жатат. Союз чачырады дегендей.,, аны менен колхоз-совхоз дегендер да жоюлуп, мамлекеттин мүлкү, малы жеке менчикке айланып, өкмөт кызматкерлеринин бардыгы жоголуп, система башкача болуп өзгөрбөдүбү. Конторадагы союздун кызматкерлеринин бардыгы иш жок тарап кетишкенден кийин ал бир топко иштебей турду. Анан чарбанын директору деген кызмат айыл өкмөтү болуп өзгөрүлүп, анын алдына анча-мынча кызматкерлер иштеп контора ичи кайрадан жанданды.

Бирок ошентсе да мурунку союз мезгилиндегидей жандуу эмес. Биринчи кабаттан экинчи кабатка көтөрүлгөн цементтелген тепкич бар конторабызда. Аны курулушчулар жээктерин кооздоп сонун, көрктүү кылып салышкан өздөрүнүн фантазиясы менен. Ошондон бери оир чети кетиле элек ошол эле боюнча турат. Бирок анын бир сыры, өзгөчөлүгү бар. Мурун союз чачыраганга чейин анда эч кандай деле сырдуу көрүнүш болгон эмес. Көпчүлүк кадимкидей эле көтөрүлүп чыгып, түшүп жүрүшчү. Экинчи кабатында совхоздун директорунун чоң бөлмөсү бар болчу. Секретаршасы, бухгалтери, агроном, зоотехник бардыгыныкы экинчи кабатта болчу. Мен далай жолу ушул тепкич менен совхоз директоруна киргем. Мурун жээктеринде кармагычтары жок болчу, кадимкидей эле шуулдап чыгып, шуулдаган боюнча кайра төмөн карай түшүп кетчүбүз. Союз чачырап контора бир топ убакытка иштебей калгандан бери дал эле ошол конторанын тепкичтеринде кандайдыр бир сырдуу, таң калычтуу өзгөрүш пайда болду. Жергебиз, мамлекетибиз эч кимге көз карандысыз Кыргыз мамлекети болуп өзгөргөндөн бери мамлекет структураларынын бардыгы өзгөрүп жаңыча иштей баштады. Совхоз директорунун ордуна башка жактан айыл өкмөтүнүн жетекчиси болуп жашы элүүдөн өтүп калган бир киши келди. Союз чачыраган соң, чарбанын ар бир адамы мамлекетке көз каранды болбой, ар ким өз күнүн өзү көрүп, өз алдыларынча оокат кыла башташкан болчу. Айыл өкмөтүнүн келишине анча деле көп маани беришкен жок. Анан ал айылдыктардын бир топ көзгө көрүнүктүү, белдүү, кадыр-барктуу адамдардын бардыгын чогултуп алып жыйналыш жасаптыр. Жыйналыш бүтүп, тепкичтен төмөн карай түшүп келаткандардын бардыгы көрүшүп бул окуяга күбө болушуптур. Жаңы айыл өкмөт башчысы тепкичтен түшүп келатып бирөөлөр эки бутун чырмап байлап таштагансып шилтенбей төмөн карай оңкосунан кулаптыр. Өзүңөр деле ойлоп көргүлө, цемент тепкичтен төмөн карай эт-бетинен кулоо деген кандай болот. Колдору сынып, бети-башы жарылып, тамтыгы жок ооруканада бир айдай жатып чыкты. Биз анын ал-акыбалын, ден соолугун сурап барып жаттык.

- Билбейм эмне болуп кеткенин, өзүм дагы түшүнбөй калдым. Тепкичтен төмөн карай жай эле түшүп келаткам. Анан эле эки бутум таманымдагы цементке жабышып калды дагы, өзүнөн өзү эле чырмалып байланып калды. Салмагымды сала күү менен түшүп келаткан жаным, ошол буттарым кыймылдабай этбетимден оң-комдон сайылбадымбы, - дейт ал, - бул тепкич эмне болгон сыйкырдуу тепкич түшүнбөйм... Биз анын сөзүнө ишенбей күлүп жүргөнбүз, "ичип алып кызуу түшүп келатып өз салмагын көтөрө албай кулады да" деп ал женүндө ар кандай сөздөр тарады. Бирок ошондон көп өтпөй эле дал эле ошондой көрүнүш дагы кайталанды. Асан деген киши бар эле, убагында малчы болуп иштеп, кийин малдын баарын өзүнө чыгарып менчиктеп андан бай киши жок эле. Ал өзүнүн байлыгына чиренип калган. Ошондо анча-мынча кызуу экен, дал эле ошол тепкичтен түшүп келатып тигиникиндей болуп эки буту байланып, ал дагы оңкосунан сайылыптыр. Анын колдору, кабыргалары сыныптыр. Ошондон кийин биз да чочулап, бир нерседен шекшип калдык. Дагы бир жолу ошондой кырсык болуп кетти, пол жууган аял менен урушуп, төмөн карай түшүп келаткан Кадыр деген жигит тепкичтен сыйгаланып бети-башын жарыптыр. Дагы жакшы тигилердей болуп буттары байланып калбаганына. Акыркы мезгилдерде ал тепкичтен кырсык артынан кырсык улана бергендиктен айыл өкмөтү аны таптакыр алмаштырууга ниет кылды. Калың жыгачтан кенен жана кооз кылып жакшы тепкич жасатты. Бирок ага болбой кырсык биринин артынан бири улана берди. Көпчүлүк андан акырын, аоайлап түшүп-чыгып калышты. Өзгөче башка жактан келгендерге алдын ала эскертпесең, сөзсүз андан кулап, бир нерсесин сындырат. Ага көзү ачык, молдо, бакшы дегендердин бардыгын алып келип дуба окутуп, айылыбыз менен түлө кылып, ар кандай ырым-жырымдарды да жасап көрдүк, болбой койду. Өзгөчө өз-нө жакпай калган адамдар болсо сөзсүз алар бир балээге учурайт. Таң калычтуусу, пол жууган улгайып калган аялга дегеле тийишпейт. "Сага эмнеге ал тийишпейт?" деп сурагандарга "секрет" деп айтпай жылмайып тим болот. Мына азыркыга чейин ошондой көрүнүштөр, окуялар кайталанып келе жатат. Мунун сыры эмнеде экенин эч ким түшүнбөй, билбей койду. Өйдө көтөрүлүп түшкөндөн аябай кооптонушат. Балким, башка жерлерде да ушундай сырдуу тепкичтер бар чыгар.., же бизде элеби? Кыскасы, эч нерсеге түшүнүп болбойт. "Тобо, ушундай да сырдуу көрүнүштөр болот экен, ие" деп башыңды чайкап кээде ишенбей да кетесиң. 

Булак: Шамбала

Последние новости