www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул карыянын көзү өтүп кетсе да Тогузторолуктар аны алигиче унутушпайт. Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, ал союз мезгилинде алтымыш, алтымыш бешинчи жылдары көзү өтүп кетиптир. «Жалаң калпа» десе дароо эле Табылгыты айылынын тургундары ошол карыянын көзү ачыктыгы, олуялыгы тууралуу кеп кылып калышат. Анын Мыктар, Алымбай деген уулу, неберелери бар. Бирок атасындай боло алышпады. Кудай Таала адамдарга сейрек берчү бул өзгөчөлүктү алар уучтап кала алышкан жок. Мунун да өзүнчө себеби бар. Ага кийинчерээк токтолобуз. Жалаң калпа жөнүндө жергиликтүү эл көп эле окуяларын айтып жүрөт. Мен өз кулагым менен уккандарымды баяндап берейин.
Жапаң калпа келечекти көрө билген, алдын ала айтып салган, ар бир адамдьш кыймыл-аракеттерин көрбөсө да билип койгон өзгөчө касиети бар болчу. Кийин картайып эле калган кезинде жүгөрү талаасын, алма бактарды кайтарып, көрбөсө да уурунун канчоо экенин, эмне кылып атышкандарын билип, «кеткиле, ууру кылбагыла!» деп кыйкырып турчу. Малдары жоголгон кишилер болсо каякта жүргөнүн же уурулар кылбагыла!» деп кыйкырып турчу.
Малдары жоголгон кишилер болсо каякта жүргөнүн же уурулар уурдаганын даана, так айтып берчү. Өз мезгилинде ага НКВДнын адамдары да тийишкен күндөрү болгон дешет. Угушумча жыйырма беш, отузунчу жылдары болсо керек эле. Оокаттуу бай адамдарды кулакка тартуу күч алып турган эле. Күтүлбөгөн жерден Табылгыты айылынын кадыр-барктуу бай адамы Чолук бийди «кызыл жакачандар» (ал мезгилде НКВДнын адамдарын ушинтип коюшчу) элдин көзүнчө малын тартып алып, өзүн кулакка тартып, бала-бакырасын чыркыраткан боюнча эки колун байлап алып кеткенде, аларды көргөн жергиликтүү элдин жүрөгү түшүп калат.
Айтмакчы, Чолук бийдин бир кызы белгилүү эле Шабдан баатырдын аялы болгон дешет. Динге каршы күрөшүү да катуу болуп жаткандыктан «кызыл жакачандар» Жапаң калпага асыла башташат. Ага тынчтык бербей койгондуктан, Жапаң калпа үй-бүлөсү менен «Көкташ ата» деген жерге көчүп кетет. Ал жер «мазар» сыяктуу эле ыйык жер болчу. Ал арабча кат тааныгандыктан элге да арабча окуганды үйрөтчү. Бир күнү ошол Көкташ атаны байырлап отурганда Жапаң калпа боз үйдөн аялына кайрылат:
- Бизге эки адам келатат, ойлору да анча жакшы эмес экен. Мейли, канча кылса меймандар да, чыгып тосуп алалы аларды.
- Сыртта эч ким көрүнбөйт го, -аялы таң калат.
- Азыр бир аздан кийин алар тиги жонду ашып чыгышат, анан көрүнөт.
Чын эле ал айткандай, көп өтпөй эле жондон эки атчандын карааны көрүнөт. Алар «кызыл жакачандар» болчу. Атайын Жапаң калпаны алып кетишкени келатышкан. Экөөнүн бирөөсү Жапаң калпаны тааныган жергиликтүү адамдардын бири эле. Чолук бий сыяктуу эки колун толгоп, байлап алып кетишкенге дааган жок. Алар келген максаттарын айтышып «жөнөгөнгө даярдан» дешет.
«Коё тургула, мен намаз окуп алайын» деп боз үйдүн ичине отуруп алып, оозун кыбыратып бир нерсе окуй баштайт. Ошол маалда боз үйдүн түндүгүнөн эки көгүчкөн топ этип кулап түшөт. Тигилер адегенде бул көрүнүшкө анча маани беришпеди, түндүккө урунуп кулап түштү деп ойлошкон, бирок андай эмес экенин кийинчерээк билишти.
- Булардын жүнүн тазалап конокторго тамак жасап бер, - деп ал аялына кайрылат. Ушул кичинекей эки канаттууга ким тоймок эле дешип калпа өздөрүн атайы шылдыңдап атышкандай көрүшөт. Бирок алардын эти бышкандан кийин бирөөнү эле экөө жеп түгөтө албай коюшат. Аны алып кетишкени алыстан атайын келишкен НКВДнын адамдары баары бир Жапаң калпаны түрмөгө алып кетишет. Кулакка тартылгандар менен аралашып Казарман түрмөсүнө отуруп калат. Ал жакта ошол өрөөндөгү жалаң кадыр-барктуу деген адамдардын бардыгы отурушуптур. Сыртты кайтарып тургандардан калпа дааратканага баруусун өтүнөт. Ал жактан келген соң түрмөдө отургандардын сыртынан кулпулап бекитип атканын көргөн калпа кароолчу кишилерге кайрылат:
-Түрмөнүн эшигин сыртынан бекитпей эле кой кулпулап, бул жерде өрөөндүн аттуу-баштуу адамдары отурушат. Эч жакка качып деле кетишпейт. Мына мен турам го эч нерсе кылышпайт.
-Жок, болбойт бизде буйрук ушундай, -анын айтканын уккулары келишпеген кызыл жакачандар эшикти сыртынан кулпулап салышат. Бир кезде "тарс" деген үн чыгып, эшик өзүнөн өзү ачылып кетет. Карашса кулпу "чорт" эте тең экиге бөлүнө сынып кетиптир.
-Кулпуну ким сындырды?, -сырттагы кароолчулар түрмөнүн ичиндеги отургандарга кайры-лып, Жапаң калпаны шектүү карашат.
-Мен айттым эле го "эшикти сыртынан кулпулабай эле койгула" деп. Бул жерде өрөөндүн кадыр-барктуу адамдары отурушат.
Ага ачууланышкан кароолчулар кайрадан жаңы кулпу алып келип салышат. Мындай узай электе эле кулпу кайрадан тең экиге бөлүнүп сынып кетет. Артына кайрылган кароолчу эмне болуп кеткенин өзү да түшүнбөй калды. Үчүнчү кулпу алып келип салып, ал дагы сынып түшкөндө акыры Жапаң калпанын айтканына көнүп, эшикти ачык таштап коёт. Түрмөдөн эч кимиси качып кетишкен эмес. Кийинчерээк андан эч күнөө таба алышпаган соң акталып чыгат.
Анын дагы бир окуясын өз көздөрү менен көрүшкөн жергиликтүү элдер алигиче айтып жүрүшөт. Нарын дарыясы күчүнө кирип күргүштөп агып турган мезгили экен. Ал кезде азыркыдай көпүрө дагы жок болчу.
Ат менен кечип өткүндө да мүмкүнчүлүк жок экен. Ошондо Жапаң калпа күргүштөп агып жаткан албуут дарыяны кечип өткөнүн көпчүлүгү көрүшүптүр. Кадимки муздун үстүнөн өткөндөй болуп суу үстүнөн өтүп кетиптир. "Кийин ушул мен басып өткөн жерде көпүрө салынат" деп айтыптыр ал көпчүлүккө. Айткандай эле дал ошол жерде чоң көпүрө бар. Адамдар түгүл машинелер да өтүшөт. Ошондой эле Нарын чоң калаа болорун, Казарман жактан алтын чыгаарын, кен чыгаарын алдын ала айткан. Элден чогултуп жазып отурса анын көп эле окуялары бар.
Бүгүнкү күндө анын небере-чөбөрөлөрү болгону менен Жапаң калпанын элден өзгөчөлөнгөн касиеттин бир да бирөө кармап калышкан жок. Ал мындайча болуптур. Бир күнү Жапаң калпа өзүнүн балдарынын баарын чогултуп алып минтип айтат:
-Азыр мен дуба окуйм, силер бир орунда "былк"этпей отургула. Эки жакты карабагыла, менин дубам бүткөнчө. Асмандан ак кочкор түшөт. Ал кеткенче башыңарды көтөрбөгүлө, -анан ал дубасын окуп кирет. Бир кезде келиндеринин бири чыдай албай башын көтөрүп арт жагын карап жиберип, чын эле асмандан ак кочкордун элеси түшүп келатканын көрүптүр. Келин карап жибергенде ак кочкор дароо жогору көтөрүлүп кетет. "Ай болбой калды" деп ошондо Жапаң калпа катуу кейип жибериптир, бул касиетимди силер кармай албай калдыңар. Эми жети ата өткөндөн кийин кайрылып келиши мүмкүн, болбосо болбойт ушул боюнча". Ошентип бир келининин күнөөсү үчүн анын касиети балдарына өткөн эмес.
С.Кадыркулов, Тогуз-Торо району
Булак:Шамбала