www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгон окуя: Ордолуу жыланды өлтүрбө!

Дегеле турмушубузда жыландар тууралуу окуяларга көп кездешебиз. Тээ илгери качандыр бир мезгилде болгон окуяны конокто, кудамдын үйүндө отурганда, бейтааныш мейман баян кылып айтып берген. Өзү Жумгал районунан болот экен. Сөздөн-сөз чыгып отуруп, акыры жыландар темасына келип такалып калдык.

-  Бул окуяны мен атамдан уккам. Ал эми атама болсо, окуяга катышкан киши өзү айтып бериптир. Айылыбызда алтымыш жаштан өтүп калган Асан деген киши болгон. Күтүлбөгөн жерден жылан чагып өлүптүр. Аны ооруканага алып барып өмүрүн сактап калганга да мүмкүнчүлүк болбоптур. Же ошол мезгилде оорукана айылда жок болуп, райондун борборундагы оорукана айылдан алыс болуп калганбы белгисиз. "Ошол чагып алган ак жылан тууралуу айылдын тургуну Жуманакун деген киши, тээ качандыр бир мезгилде болгон окуяны айылдаштарына айтып берип отурду" дейт атам. Анын колунда жоондугу билектей, узундугу бир кулачтай келген өлгөн ак жылан бар экен. Башынан ылдый кармап салаңдатып туруптур.

-  Бул ак жылан тээ илгери кичинекей эле жылан болчу. Азыр карачы, жоондугу билектей, узундугу бир кулач болуп кетиптир. Бул жылан Асан экөөбүздү акыры издеп жүрүп тааптыр. Бирок ошондой болмок. Анын келээрин күтүп жүргөнбүз, бирок өкүнүчтүүсү, Асанды аман сактай албай калбадымбы.

Жыландар ушунчалык кекчил болот, бирөөнө кек сактап калса акыры жүрүп таап өлтүрөт. Америкага же башка материкке качып кетсең дагы акыры издеп табат.   Анын көздөгөнү, кек сактаганы, издегени эле өзүн жабырланткан киши болуп калат. Акыры таппай койбойт, мына Асанды да акыры тааптыр. Бул жакка Кытай тараптан ар кайсы мал-жандыкка илээшип келиптир. Төөнүн өркөчүнө, эчкинин мүйүзүнө оролуп, ар кандай унаага жабышып, айтор көздөгөн жерине жетиптир. Эчкинин мүйүзүнө оролуп келе жатканын мен билгем, бирок үлгүрө албай калбадымбы, бардыгы кеч болуп калды. Бул жылан анча-мынча саналуу гана убакытта үлгүрүп кетти. Бирок мен муну да өлтүргөнгө үлгүрдүм. Бардыгы жоондугу бир кулачтай келген ак жыланды жабыла карап турушту.

- Ооба, бул тээ илгери мындан он беш же жыйырма жыл мурун болгон окуя болчу. Ал мезгилде Кытай менен мамилебиз жакшы болуп турган. Кийин эле ортодо мамиле бузулуп, алар Советтер Союзу менен душмандашып, номур биринчи душман кылып алышпадыбы. Ага чейин Кытайга кадимкидей каттап, соода-сатык ишти кылып турчубуз. Кытайлык кыргыз бир туугандар менен да катташып, конокко барчубуз. Ыраматылык бул Асандын Кытайдагы Кызыл-Суу деген жерде иниси, карындашы жашачу. Алар бул жакка меймандап келип, Асан дагы ал жакка барып турчу. Мен дагы жумуштар менен ошол жакка аттангам. Жаныма Асан да кошулуп алган, "бир туугандарыма барам" деп.

Ал мезгилде азыркыдай машина каякта, ат менен же жөө жалаңдап каттачубуз. Экөөбүз эки зоот атты минип алып таң эрте алыскы сапарга чыкканбыз. Жайдын саратан мезгили болчу. Кеч күздө же кышында болгондо жыландарга кабылбайт элек. Анын үстүнө кышында кар болуп ашуу жабылып, ары жакка өтүү кыйындыкка туруп калат. Көчкү деген коркунучтуу нерсе бар. Канчалаган адам ошол көчкүнүн астында калышты. Ошондон кийин кыш мезгилинде же эрте жазда ал жакка эч ким барбай калган. Жайында гана каттачубуз ат менен.

 Мына эми ошол жайда экөөбүз жолго чыгып кеттик. Жолго да түнөп калган мезгил болот. Кээде карышкырларга да кабылып каласың. Алар атайын ушул жолду аңдып жойлоп жүрүшөт. Жалгыз-жарым келаткан жолоочуга кол салышат. Аттарыбыз зоот, басканы тың, жакшы эле келатканбыз. Күн чак түш болуп, аба табы ысык болчу. Күтүлбөгөн жерден Асандын аты кишенеп, тыбырчылап жиберди. Ал бир жыланды басып алып, жылан анын бутун чагып алыптыр. Асан атынан түшө калып дароо эле жыланды чаап өлтүрүп таштап атпайбы.

Өзүңөр жакшы билесиңер, мен жыландын тилин башынан билем. Бул жөн жылан эмес, ордолуу жылан экенин билдим. Жалгыз-жарымдап жүргөн жыландар болот, аларды өлтүрсөң эч нерсе эмес. Ал эми ордолуу жыланды өлтүрдүң дегиче, балээге кабылдың дей бер. Алардан оңой менен кутула албайсың. Асандын билбестигинен ошентип биз күтүлбөгөн жерден эле балээге кабылып калдык. Экинчи жыландын бир тешикке кирип кеткенин көрдүм. Алардын уюгу ошол жер экенин дароо эле сездим. Эми аларды түп тамыры менен жок кылбаса, сөзсүз бизге зыяны тиет. Мен аттан түшө калып ошол оюкчанын жанына келдим. Асанды чакырдым да айттым "Мен азыр жыландарды дубалап бирден чыгара берем, а сен болсоң мобул союл менен былчыйта чаап өлтүрүп тур, уктуңбу? Буларды тукум курут кылбасак, экөөбүздүн тең түбүбүзгө жетет. Кана баштадык, сен бирин да жарадар кылбай таза өлтүр" деп дуба окуй баштадым.

Мен дуба кыла баштаганда эле жыландар тешикчеден бирден чыга баштады. Асан ар бирин былчыйта чаап өлтүрүп жатты. Арадан бир топ убакыт өттү, түш ооп кечке жакындап баратгы. Айлана-чөйрөгө жыландын өлүгү толуп кетти. Эң акыркы жыланы калган, ошону өлтүрсөк иш бүтмөк. Алардан кутулмакпыз. Ал менин дубама баш бербей чыкпай жатты. Экөөбүз көпкө тирештик. Акыры ал мага моюн сунуп, ийинден укмуштуудай тездик менен, аткан октой атып чыкты. Анан заматта көздөн кайым болду. Асан аны чаап үлгүрө албай калды. Анда анын узундугу эки-үч карыштай эле келген, кичинекей ак жылан болчу, карабайсыңбы эми кандай чоңойгонун.

Биз кайра кайтып келатканда башка жол менен, чыгыш тараптан Россия, Казакстан аркылуу келгенбиз. Бул Кытайга, анан Россияга, андан соң Казакстанга бизди издеп барып, акыры таап келди. Мен мунун келатканын да билгем. Эчкиби, текеби айтор ошонун мүйүзүнө оролуп келаткан. Асанды сактаганга үлгүрө албай калбадымбы. Көрдүңөрбү, ордолуу жыландын кандай кекчил экенин. Арадан ушунча мезгил өтсө дагы келмек, акыры келди. Эзелки кегин алып тынды. Силер дагы ордолуу жыланга тийбей, сак болгула. Балээнин баары өзүбүздөн болуп жатпайбы. Силер тийишпесеңер, алар да силерге тийишпейт.

Мен жалпы эле окурмандарга айтарым, жергебиз тоолуу аймак болгондуктан, жыландар кокусунан кездешип калышы мүмкүн. Аларга тийбей жөн жайына койгула. Балким, ал ордолуу жылан болуп калышы мүмкүн. Ошондо жыландар да силерге тийишпейт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости