www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү КР жараны 1980-ж.т., Жалал-абад облусунун тургуну М.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү М.А. 2011-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 3-бөлүмү (эски редакцияда террордук акт) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн. Кармалган адам Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасоого аракет кылган ЭТУ мүчөсү болгон.
2011-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош областында ЭТУ башчысы УКМК атайын күч кызматы тарабынан жок кылынып жана топтун башка мүчөлөрү кармалып ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан. Бирок М.А. качып кетүүгө үлгүргөн.
2019-жылдын 19-октябрында М.А. карата Ош соту тарбынан КР УКМК Ош жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга чейинки камака алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg