www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар түрдүү маселелер» саатында депутат Тынчтык Шайназаров тергөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө токтолду. Бул тууралуу ЖК Басма сөз кызматы жазып чыкты.

«2019-жылдын 1-январынан бери жаӊы кодекстер иштеп келе жатат. Ошондон бери бардык күч органдарындагы тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндөгү иштер болжол менен үч эсе өстү»,- деген депутат буга сандык маалыматтарды келтирди. Эл өкүлү акыркы алты айга талдоо жүргүзүп, тергөөчүлөр тарабынан каралган жалпысы 22 миӊдей кылмыш ишинин 5%ы гана сот өндүрүшүнө өткөрүлгөндүгүн мисалга тартты. Бул көрсөткүч өткөн жылы 26%ды түзгөн.

Мындан сырткары, Т.Шайназаров укук коргоо органдары өз күчтөрү менен түзүмдүн ички мүмкүнчүлүктөрүнөн тергөөчүлөрдүн санын көбөйтүп жатканын жакшы саамалык катары баалады.

Баса, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйындар залынан депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Анвар Артыковду көрө алган жокпуз. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Карамушкина башын кармап өкүнүп жатса, Асел Кодуранова жолдошу Мелис мырзага кайра-кайра төлгө ачтырып, Анвар Артыков Роза Отунбаевадан тынымсыз кеңеш сурап, терең үшкүрүп олтурат “имиш”.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости