www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Тамчы-Булактагы сырдуу карышкырлар

Бул киши тээ качанкы болгон окуяны көбүрөөк эскерип айтып калат. Ага кээ бири ишенсе, кээси анча маани бербей, оюнан чыгарып айтып жатат дегендей мыйыгынан жылмайып баштарын чайкап коюшат. Айтылуу Төө-Ашууну кимдер гана билбейт. Ал аркылуу түштүктөгүлөр менен байланышып турасың. Ошол ашууну ашып өткөн соң, Таласты карай сапар тартып баратсаң дагы бир экинчи ашууга туш болосуң. Аны Өтмөк ашуусу деп коёт. Ал жерде жайы-кышы дебей киши бою кар жатат. Жайдын саратан мезгилинде эле Чүй тараптан бараткандар биринчи ашууну ашып өтүп экинчи ашууну аралай баштаганда айлана-чөйрөсүндөгү калың карды көргөндө кайрадан кышка келип калдыбы деп ойлошот. Өзгөчө чет өлкөдөн келгендер бир мезгилде эле төрт мезгилди көрүшүп таң калышат. Анткени төмөн жакта машина менен кетип баратканда айлана-чөйрө жапжашыл болуп гүлгө чулганып, жаан жаап жатса, ашууну ашып улам өйдөлөгөн сайын кар аралаш жамгыр жаап жатканын көрүп күздү элестетип жиберет. Ал эми ашуудан кышты, андан ары төмөн түшө баштаганда жазды, анан кайрадан жайга туш болушат. Калың кар жоголуп кайрадан кызыл-тазыл гүл, көк-жашыл чөп, дарактар. Ошентип төрт мезгилди баштан өткөрүшүп айтылуу Талас өрөөнүнө кирип келишет. Арийне, Манас атабыз жердеген Таласты кимдер гана билишпейт. Жердин өзгөчө кооздугу, ажайып көрүнүшү менен талашка түшкөн бул жер бекеринен "Талаш" деп айтылбаса керек. Аны казакча которгондо "Талас" болуп калган. Ал жакта ар бир өрөөн тоо-таш, суу, бардыгы аталышына жараша легендалары айтылып келет. Ар бир ат, ысым жөндөн-жөн эле коюлган эмес. Арал деген айыл бар, ошол айылдын күн батыш тарабындагы тоо арасында Тамчы-Булак деген жер бар. Ал жакта жайы-кышы дебестен тоңбогон булак суусу агып турат. Тамчы-Булакта касиеттер да көп, анын айланасында табышмактуу окуялар, сырдуу көрүнүштөргө да бай. Ошонун бир окуясын баян кылып кетели. Адатта жай мезгилинде кыргыз жергесинде айылда жашагандардын бардыгы мал кармагандар жайлоого чыгып кетишет эмеспи. Арал айылында жашаган Курманкул деген аксакал да өзүнүн малы менен жайлоого чыгып кеткен болчу. Ал бир күнү айылга иштери чыгып калып кечке маал аты менен төмөн карай сапар тартат. Күндүзү кечке мал менен болгондуктан айылга барууга чолоосу да жок болчу. Кечкисин малды түнөгүнө алып келип жайгарып, түнү менен барып, таңга жетпей кайра кайтып келүүнү ойлогон. Күндүзү достору менен ичкилик ичишкен, ага кымыз аралашып бир топ эле кызуу болчу. Малды жайгарып бүтүп жолго чыкканча эле айлана күүгүмдөнө баштаган. Мындай мезгилде көп эле жолу айылга барып эртеси кайтып келчү. Бирок айылга каттаган машина менен барчу. Бул жолкуда машина чыкпагандыктан карагер айгырын минип жолго чыккан. Айыл тарапка багыт алып атын бастыра бергенде эле айлана-чөйрөнү күүгүм каптап калды. Көөкөрдөгү кымызды бүт түбүнө чейин шимире ичип, оозун сүртө атын ылдамдай бастырып жолго чыкты. Өзүнүн кучагына алган караңгылыкта жападан жалгыз атын бастырып келатты. Кызуулугу али тарай элек, бирок жалгыз болсо да эч кандай коркуу сезим жок. Анткени ушул жол менен далай жолу жол жүрүп көнүп калган. Өзүнчө кыңылдай ырдап, кызуу чалыш уйку-соонун арасында келаткан Курманкул Тамчы-Булакка жакындай бергенде тике жардын түбүндө катар-катар тизилип турган карышкырларды көрдү. Бардыгы азыр эле кол салып жиберчүдөй болуп Курманкулга сүрдүү карап турушту. Оң тарабындагы дөңсөөдө да үймөлөктөшкөн бир топ карышкырлар турушат. Сол тарабында карышкырлар бар экен. Өзүн карай акырын жылып келатышат. Качууга эч мүмкүн эмес "бүттү, өлдүм, ач карышкырларга жем болдум" деп ойлоду. Баарынан таң калычтуусу, аты алардан дегеле үркүп койбойт. Бир калыпта эле турат. Көнгөн адаты боюнча жан жагындагы мылтыгын сыйпалады. Кызуулугу менен мылтыкты да албай унутуп кетиптир. Карышкырлар туш тараптан куушуруп жакындап келатышты. Атка камчы урса дегеле ордунан козголуп койбойт. "Буга эмне болду?" деп таң калды. Көздөрүнөн от жанган карышкырлар мына-ана кол салып, аны жара тартып жулмалап тытып жеп кетүүгө аз убакыт калды. "Ээ Кудайым, өзүң сактай көр, мындан кийин ичкилик ичпейм" деп Кудайга жалына баштады. Ошол маалда ары жактан кандайдыр бир тоо жаңырган катуу кыйкырык чыгып, колдоруна мылтык кармаган жети-сегиз мергенчи чыга калышты. Мылтыктарын өйдө карай көтөрүп "тарс-турс!" этип аткылашканда карышкырлардын бардыгы заматта көздөн кайым болуп жоголуп кетишти. "Тарс!" эткен үнгө эсине келе айланасына көз жүгүртсө эч ким жок экен. Өзү аттын үстүндө үргүлөп отуруптур. Тарсылдаган үн чагылгандын үнү экен, тээ алыста күн бүркөлүп жаан кичинеден себелеп келатыптыр. Кудайга миң мертебе тобо келтирип, атына камчы урду. Заматта эле айылга жетип келди. Ошондон кийин Курманкул арак ичкенин токтотту. Кийинчерээк беш маал намаз окуп кетти. Пенсияга чыгаар алдында Мекеге ажылыкка да барып келди. Тамчы-Булактагы бул бир эле окуя. Мындай сырдуу көрүнүштөр ошол жерде аябай көп кездешет. Ал жердеги окуяларды, уккандарды баян кылып жаза берсе түгөнбөйт. Тамчы-Булак дегеле сырдуу жер.

Каныбек уулу Сапарбай, Талас областы

Булак: “Шамбала”

Последние новости