www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Көрүмчү, сырдуу дүйнө дегенге ишенчү эмес элем. Буга өз көзүм менен көргөндөн кийин гана ишендим. Анда менин башыман өткөн бир окуяны айтып берейин...

Ал мезгилде айылдагы орто мектепти аяктап, борбор калаага келген элем. Бишкектин бир четинде жашаган аталаш агамдын үйүнө келип, бир жылдай жашап калдым. Кудайга шүгүр, ал жакта үйдөгүлөр менен урушуп-талашпай жакшы жашап жаттым. Баары ойдогудай жана көңүлдүү... Бирок мени агам менен жеңемдин бир нерсеси жага бербеди. Дегеним, алар эмнегедир бир нерсени жашыргандай болуп, сыртка эч нерсени чыгарууга ылаажысы жоктой тумчугуп жүрүшчү. Жаман оюмда мени жактырбай жатышкандай сезилди. Балким чындап эле анысын мага айта албай жүрүшкөндүр. Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес. Ай билбейм... Себебин билбейм... Муну суроого батына албай жүргөн чагымда, бир күнү агамдар эки баласын жетелеп алып, конокко кетмей болушту.

Арсен, коркпойсуңбу? - деп эмнегедир экөө тең улам-улам сурап жатышты. 

Анан мен - Эмнеге коркмок элем?!! - деп мурдумду чүйрүп, эрдемсинип койдум.

- Иним, эгер корксоң, биз менен бар, - деген агамдын сөзү шилимен чыга түштү. "Мени сөөгү бош ойлоп жатышабы?" - деп койдум ичимен.

- Макул, жакшы барып келиңиздер, - деп узатып жиберип, төркү бөлмөгө кирип кеттим. Бул маал кычыраган кыш эле. Түнкү саат 23:05...

Чалкалай жатып, телевизордо болуп жаткан берүүгө берилип кетиптирмин. Бир кезде ашканадан идиш-аяктын калдыраган үнү чыгып жатты. Анын артынан суунун аккан үнү...

"Ии, жеңем идиш-аягын жууп жаткан го" - деп койдум. Бир кезде жеңемдин үйдө жок экенин эстеп кетип, ашканадан чыккан үнгө жүрөгүм "Шуу" дей түштү. Ошол кезде агамдын "Коркпойсуңбу?" - деген сөзү кулагыма жаңырып өттү. Жаткан ордуман акырын туруп, бутумдун учу менен ашкананы көздөй жөнөдүм. Мен башымды салаар менен суу токтоп, ак табак жерге түшүп кетти. Мындай шумдукту өмүрүмдө көргөн эмесмин. Бирок, көзүмө көрүмчү аттуулар көрүнбөдү.

Болгону суунун токтоп, табактын жерге ыргып түшкөнүн гана көрүүгө жетишип калдым. Коркконумдан жүрөгүм оозума кептеле түштү. "Шайтандыкы!" дедим каңырыгым түтөй...

Бул көрүнүш ары кызыктуу болсо, ары коркунучтуу эле. Ашканага кирип, эки жагымды карап, аны таппадым. Алгач бир аз кооптонуп турсам, кийин бул агамдын ойлоп тапканы экенине көзүм жетти. "Кийинки ирет кезек менде, коркунучту көзүңүзгө таанытам" дедим ичимен. Ошентип, табактын бычыранган сыныктарын шыпырып, таштандыга төгүп, жыйнап койдум да, төшөгүмө келип жатып алдым. Арадан бир аптадай убакыт өттү. Бул аралыкта болуп өткөн окуя тууралуу үн катпадым. Агамдар да билмексенге салып, эч нерсе деген жок. Мен да тим койдум. Агам вулканизацияда иштей турган. Бул кезде сырттан аяз уулуп, кардын учкундары ала-салып, шамал менен сапырылган убак эле. Ошол күнү ал эмнегедир кечигип жатты. Жеңем экөөбүз телевизор көрүп, күтүп отурдук. Балдар болсо эчак эле уктап калган болчу... Бир маалда ашканадагы муздаткычтын эшиги ачылып, кайра жабылды. Жеңем билсе да, билмексенге салып, коркконун жашыргысы келгени менен, анысы титирегенинен улам билинсе да "Дым" дебей отура берди. Андан соң төркү үйдөн "Дүп" эткен үн чыга түштү. Жеңем "Корккон жоксуңбу?" деди ошол саамда. Мен коркуп турсам да, жигиттик намысым жол бербей, "Жок" деп акырын шыбырадым. Ал жактан ашкананы көздөй кимдир бирөө бутун сүйрөй, басып жөнөдү. Жеңем келме келтирип жатты. Менин да оозуман келме түшпөдү. Бир кезде ал акырын үнүн чыгара тамагын таптап койду. Ошо менен көрүмчү да жок болду.

- Бул эмне? - дедим мен собол сала. - Көнүп калдык... Мен жаңы келин болуп келгенде эле бар болчу. Үйдү аластап, канча жолу тазалатсак дагы кетпеди, - деп муңайды.

-Сен жашап жатканыңа 3-4 ай болуп калбадыбы. Сага да көнө түшкөн окшойт. Болбосо, үйгө бей тааныш адам келгенде жок болуп кетет.

- Бул үйдүн ээсиби же арбакпы?

- Билбейм... Ыраматылык атамдын (кайнатасын айтып, менин атамдын иниси) айтуусу боюнча, бул арбак...

- Арбак?.. Кандайча?.. Бул суроом жоопсуз калды. Үйдө ушул сыяктуу окуялар болуп, тигил арбак жанды койбогон соң, жазга жуук досторум менен батирге чыгып кеттим. Башында муну агамдын кылган жоруктары деп билип, жаңылыпмын. Ооба десең, мени коркутуп алып эмне кылмак эле?!! Кийинчерээк айылга барганымда мунун чоо-жайын чоң энем айтып берди. Жогоруда сөз кылып жаткан там анын айтуусу боюнча илгери совет маалында курулган экен. Аны буту чолок киши куруп, кийин ал кандайдыр бир белгисиз себептерден улам кайтыш болуп, өз үйүнүн короосуна көмүлүп калыптыр. Анысын деле чоң энем так билбейт экен. Кийин ошол тамды сатып алышкан тура. Арадан 25 жылдан ашуун убакыт өткөн соң, аны чоң энемдерге чейин сатып алгандар даараткана үчүн чуңкур казып жаткан учурда, маркумдун сөөгү чыгып, бул кабар бир сыйра "Дүң" болуптур. Айыл эли кеңешип, ал сөөктү кыштак четиндеги көрүстөнгө которушат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ал адам ким экендиги таптакыр белгисиз бойдон калыптыр. Ооба, ал тамдын үстүнөн да таяк таянып, ары-бери басаар эле. Өзү көрүнбөсө да, үнү угулуп турчу. Мен агамдын үйүнөн кетээримдин алдында аны көрдүм. Ал күнү сабактан келип, шам-шум этип алайын деп муздаткычтан тамак алып, отко жылытмакка койдум. Үйдө эч ким жок эле. Чай да кайнап, тамак да ысыды. Тамактанып отурсам, төркү үйдөн телевизордун үнү чыкты. Чынымды айтсам чочуп кеттим, Ал жакка акырын басып барып шыкааласам, өң-түсү капкара, бир буту жок адам сөлөкөтүндөгү кейип көрүндү. Эч кандай көзү башы жок, болгону бир кара элес...

Аны көрүп, турган ордумдан жыла албай калдым. Ары кете албай же бери келе албай жалдырап турдум. "Ажалдын жеткени ушулбу?" дедим... Келме келтирип тура бердим. Бир кезде ашкана жакты карап, кайра аны карасам ал жок болуп кетти. Жаным чыгып, сыртка чуркап чыктым. Алдактап-далдактап агамдын ишине барсам, ал мени көрө коюп, иштин жайын түшүнгөндөй, далыман таптап, сооротууга бел байлады. Ошол күнү үйгө барбастан дос балдарымдын үйүнө кетип, алар менен бир батирде жашап калдым. Андан бери туура 4 жыл өттү. Жакында эле ошол үйгө барып келдим. Кудайга шүгүр, андай нерседен ары-лышып, жакшы жашап жатышыптыр. Учурда агам үй-бүлөсү менен намаз окуп, дин жолуна түшкөн экен. А баягы элес өтүп кеткен түш сыяктуу эле болуп калды. Анткен менен азыр эстеп кеткенде, жүрөк бир "Шуу" дей түшөт.

Булак: Шамбала

Последние новости