www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кездеги Болот Шерниязов, азыркы Болот Шер өзүнүн өтө оригиналдуулугу менен жамы кыргызга таанымал. Бул депутат мырза сессияда кимдир бирөө менен талашка түшө турган болсо, анда аны сөз менен таптакыр ойронун чыгарат. Дегеним, Болот мырза нака сөз устасы. Муну эч ким тана албайт.

Эсиңиздерде болсо, Бакиев доорундагы оппозициянын атактуу митингдеринде не бир керемет атуулдук ырларды окуп, тимеле дене бойго өрт тутантып жибере турган сөздөрдү айтчу эмес беле. Жүрөктүн отун, көкүрөктүн намысын ойготуп. Ыр окуганын же ыйлап атканын ажырата албай калчу уккандар.

Дегеле Шерниязов тарыхый, адабий чыгармаларды казып окуп, көркөм сүйлөп, ыр окуганды жанындай көрөт. Ошону менен бирге эле Болот Шер маданият тармагынын өкүлдөрүн өтө аздектеп сыйлап, ар убак алар менен карым-катнашта болуп, жеңилин жерден, орун колдон алып жүргөнүн көп эле көрөбүз.

Нурлан Жукеев

Булак: Де-Факто


 

Последние новости