www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдарда Интернет желесиндеги социалдык түйүндөр таасирдүү күчкө айланып, коомдук аң-сезимдин көңүлүн өзүнө бурган, коомдук ой-пикир жараткан да социалдык кубулушка айланып баратат. Мына ошол социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында жазуучу-драматург С.Раевдин айрым ырларын социалдык түйүндөргө жүктөп: «Пай-пай, Султан палвандын ырларын түшүнүү үчүн бир кылым керек окшойт» деп, ары тамшанып, ары баш чайкап, комментарий жазгандар арбын.
Анда, С.Раевдин ырларын окурман менен чогуу окуп көрөлү. Ыр жыйнак «…Анти ойлор огубу чагылгандын?» деген ыр менен ачылат. Батыш адабиятында 1920-жылдары пайда болуп, 1920-60-жылдарда бүтүндөй Европага, Түндүк жана Түштүк Америкага, Африка, Азияга, 1980-жылдарда Австралияга тараган сюрреализм деген багыт бар. Бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрү болгону менен, адабиятка кеңири сиңип, тамыр жая алган эмес. 1960-жылдарда верлибир менен бирге бул агым бизге да келген. Анын серпиндилери бизде да, айталы акын Рамис Рыскулов, Табылды Муканов, Таалайбек Шаршеналиев ж.б.да кездешет. Бирок Ракең ыр генийи эмеспи, аны кыргыз кыртышына тууралап, шырымал чапан, ак калпак кийгизип койгон. Ошондон улам, окурман Ракенин – Ыр акенин ырларын өгөйлөбөй кабыл алат, дароо сиңирет. Т.Муканов да аны кыргыз кыртышына чебер отургузган. Т.Шаршеналиевдин ырларынын да кызылы кызыл, агы ак болуп, кыргыздын духу сезилип турат. А С.Раевде Батыштын сюрреалисттик духу ошол бойдон кала бериптир. Батышка көп каттап, падыша айымдарга кол берген жазуучу-драматург Батыш духун кыргыз ыр кыртышына жакындатканга аракет кылбаптыр:
«Куруган анти сезим, каршылык, анти ойлоо,
Анти дүйнө, анти сөз, анти жашоо,
Түгөндү анти амал… Антейдин таманында.
………………………………………………………………………
Чыркыраган чындыкты чаңда калган,
Чыйкан сымал денемден сыккым келет.
Чечекейди чеч кылган чечим менде:
Өзүмдөн өзүм ойлорду тангым келди,
Дүйнөнүн түзүлүшүн чангым келди,.
Өзүмө өзүм бетме-бет анти чыгып!..» («…Анти ойлор огубу чагылгандын?» 6-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)
Андан арылап барганда, С.Раевдин «абстрАКЦИЯ» ыры бизди айран таңгалдырды. Тамшана турган керемет ыр, чыныгы поэзия болгону үчүн эмес, медициналык, ветеринардык, саясый түшүнүктөргө поэтикалык түшүндүрмө бергени жана поэзияга эч кандай тиешеси жок түшүнүктөрдү зордоп апкелип эле ырга айландырганы үчүн.
«Эртели-кеч,
Жыйырма төрт саат,
Жаагын жанып,
ТВнын баары
Рекламалайт,
Какшанат, кебин жанат,
Дүйнөнүн катындарын каптагансып,
Топон суудай аккансып,
Этек кири
М е н с т р у а ц и я.» («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)
С.Раевдин антистандарт акын болгусу келгенине кызганыч жок. Болсун. Бирок антистандарт ыр жазыш үчүн «менструациядан» башка сөз таба албай калдыбы? Жер баарын көтөргөндөй, ыр да көтөрүмдүү, сөз да көтөрүмдүү, эмнени жазсаң, айтсаң көтөрө берет. Арийне, бирок бир талашсыз чындык бар: ПОЭЗИЯ — порнография эмес. ПОЭЗИЯ менен порнографияны чаташтырбаш керек.
«абстрАКЦИЯда» андан ары иллюстрация, люстрация деген сөздөргө түшүндүрмө берилет, анысына болуптур дейли, андан ары С.Раев:
«Сезимдер сенек,
Инплотан чиновниктер,
Оозунан чаңы чыгып,
Какшытып саясатты,
Тилинин сөөгү сынган,
Импотент өздөрү да,
Сүйлөгөн сөздөрү да,
Эчтеке өспөй калды,
…Измине…
Изине да,
Саясат анонизм,
Кутурган,
Кургак учук,
Куру чөп ооз арчытып,
Кургап калган.
Саясат метастазын,
Мээсине үйүп алган,
Жашоонун экстазын,
Унуткан катын да,
Үмүт үзүп,
Көнүп алган,
М а с т р у б а ц и я», — («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет) деп, «маструбация» деген медициналык түшүнүккө түшүндүрмө берип жатпайбы, кашайгырдыкы десе.
Бул ырга ким кандай комментарий берсе, ал өз эрки, биз башкаларга өз оюбузду таңуулагыбыз да келбейт, бирок бул ырда «менструация, иллюстрация, маструбация, люстрация, кастрация» деген интимдик, медициналык, ветеринардык поэзияга жат түшүнүктөрдөн башка эч кандай баалуулук жок, бул талашкыс чындык. С.Раев адабиятка жаңыдан аралашып, телчигип, өз жолун таппай жүргөн жаш талапкер, болбосо адабий чөйрөдөн куугунтук жеген, коомдон куулган диссидент болсо, анан ушундай ыр жазса бир жөн эле.
С.Раевге келсек, аны социалдык түйүндөрдө «акыркы пайгамбар» эсептегендер, алтургай Кудай туткан жаш акындар бар. Алар анын баскан ар бир изине сыйынып, ар бир жазганына тамшанып, «биз да күндөрдүн биринде С.Раевдин курагына жетип, ал жазгандай «антистандарт» ырларды жазган деңгээлге жетсек» деген кыял менен жашап жатат. Ошол С.Раевге суктанган муун жетилсе, С.Раевдин жол салып кеткен тематиканы кеңейтсе, кыргыз поэзиясында кандай маанидеги ырлар жаралышы мүмкүн!?? Кыргыз эл жазуучусу жаш муунга кандай үлгү көрсөтүп жатат?!!
Ал адабият астанасын жаңыдан аттаган бирөө-жарым эмес. Ал кыргыз адабиятынын жүзү катары жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге байма-бай каттап, китептери чет тилдерге көп которулуп жаткан жазуучу. Анын мамлекеттик наам, сыйлыктары жок, «башы бош», ооздугу жок эркин жазмакер болсо да, «менструация» тууралуу ыр жазабы, же «маструбация» тууралуу жазабы, же көчөгө чыгып бийлеп кетеби, анда маселе жок эле. Азыр анын мойнунда Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген чоң жоопкерчилик — «каргы» илинүү.
Бүгүн коом:
«Аңыраят катындын
Шалбарындай,
Чек ара
чатын жырган,
агылат,
агындылар бизге карап,
Дүйнөлүк мусоркана,
бизде бардай…
Христи да, антиси да,
Католиги, куу чирен чокунганы,
Сакалчаны,
Таз башы,
Миң ирет окунганы,
Шакмары да,
Какмары да,
Кудай дейт,
Солу, оңу
Кудайдан жөө качканга
Толуп кетти…
Ишеним полигону» («Пофигизм». С.Раев. «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет), — деп автор өзү жазгандай, башы маң болуп турат.
Эмне үчүн С.Раевге дарегине ачуу сын сөздөрдү айтып жатабыз, анткени ал өзүн улуттук деңгээлдеги жазуучумун деп эсептеген жазмакер, анүстүнө чет жерге көп чыгып, кыргыздын жүзүн дүйнөгө таанытып келет. Каалайбызбы же жокпу, талашкыс чындык ушул. Мына ошондой эл аралык жолугушууда казак элинин улуу акыны Олжас Сулейманов «Аз и Я»сын окуп жатса, С.Раев анын жанында туруп, «Антистандартын» ачып, «…менструацияны…» окуйбу, бул акылга сыярлык нерсе эмес. Башка бир казак акыны Мухтар Шаханов качан да болсо, өз элин даңазалап, тарыхты жазат.
Антистандарт акындын сүйүү лирикаларын жыргап окуп, андан арылаганда кайрадан чайналабыз:
«Кыймыл мээде чийилет,
Мегаполис,
Бу чоң аалам,
Мээсинде кайнап турат,
Жашоонун ритми
Ырга окшобой,
Ыпыр-сыпыр сезимдерди,
Ыргытып бюстгалтерди,
Бюсту бука тумшук,
Кыздары чучук шымчан,
Чучугуна кирип кеткен,
Шаар пейили.
……………………….
Сексуал мүнөз күтүп,
Чекчейип барат заман.
………………………………….
Подвалда, паркта да,
Барда, бакта да
Эзилип эриндери,
Өбүшөт бу шаардын
Энөөсүз сезимдери.
…………………………
Таңыркап карап турат,
Согуштун ветераны
Балкондо баш кылайтып.
…………………………………….
Миномёт үнү келет,
Ми…тен жаны жыргап… («Шаар», 111-114-беттер).
Мындан эмнени түшүнсө болот? Ызы-чуусу көп шаар турмушунбу? Болуптур, түшүнгөнгө аракет кылалы, анда шаар турмушуна бюстгалтердин кандай тиешеси бар. «Сезимдерди» «бюстгалтерди» уйкаштырыш үчүнбү? Же «миномёт» «ми..тен» деген түшүнүктөрдү алалы. Мейли, сөз согуштун ветераны тууралуу болуп жаткан соң, антистандарт акын «миномет» тууралуу жазганы логикага сыят дейли, а «ми…тен жаны жыргап» деп, согуштун ветеранын кордогону эмнеси? Кайран ветерандар, кайран аталар кан күйгөн Батышта «ми…» үчүн согушуп, ошол үчүн бизге Улуу Жеңишти апкелишти беле? Арабызда ансыз да саналуу калган согуш ветерандары бул ырды окуса кандай абалда калат? Албетте, өлбөгөн төрт шыйрагы калат.
Дагынкысын дагы бар дегендей, башка ырларын деле талдай келсек, орой, осол салыштыруулар, одоно ойлор көп табылат. Анын баарын айтып, көңүлүбүздү кирдеткибиз келбейт.
Элде «атанын арты менен кыз өтөт, соодагердин арты менен бөз өтөт» деген кеп бар. Поэзия дүйнөсү — базар эмес. Эми келгиле, эмне үчүн С.Раев поэзияга кайрылды, эмне үчүн ыр жазып калды деген суроого жооп издеп көрөлү. Ал жазуучу катары, драматург катары көп жылдар өзүнүн күчүн сынап көрдү, далай-далай мактоо укту, сыйлыктарды алды, бирок биздин оюбузча, өзү эңсеген бийиктикти багынта алган эмес, ошол себептүүү өз күчүн поэзиядан да сынап көрөйүн десе керек.
Эгер, кыргыз улуттук поэзиясы дүйнөлүк адабий майданга чыккысы келсе, анда этек кирден башка деле темаларды жазса, айтса, эч жаңылышпайт.
(Кыскартылып алынды)
Булак: "РухЭш"