www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон орус-кытай союзунун түзүлүшү Батыш өлкөлөрү үчүн Украинадагы жаңжалдан да олуттуу көйгөй жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу Daily Telegraph кабарлады.

"Кытай да, Орусия да бул союз чек арасы жок биримдик деп айтышат, менимче, алар муну олуттуу түрдө айтып жатышат. Украинада эмне болуп кетпесин, бул союз Батыш үчүн чыныгы көйгөй", - деди Болтон.

Анын пикиринде, Орусия-Кытай огу түзүлүп, ага Иран менен Түндүк Корея кошулуп жатат. Болтон АКШ бул маселеге олуттуу мамиле кылышы керек деп эсептейт.

Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кремлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин майрамдык кечки тамак учурунда Орусия менен Кытай “чоң державалардын мамилесинин үлгүлүү мисалын” көрсөткөнүн айткан.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Путин менен Си Цзиньпин 2030-жылга чейин эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын негизги багыттарын өнүктүрүү планы боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле, Россия Федерациясы менен Кытайдын лидерлери ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости