www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн Ош шаарындагы "Кыргыз Текстиль ЛТД" фабрикасында ишке орноштуруу боюнча аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн адистери үчүн өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде "Кыргызстанда иш орундарына тартыштык жок, бирок жумушчуларга тартыштык бар" деген оюн айтты.

Бул тууралуу министр өз сөзүндө:
"Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаров иш менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Эмгек министрлиги Билим берүү министрлигинин системасындагы 99 кесиптик лицей менен келишим түздү. Анын ичинен 71 лицей 125 жумушчу кесип боюнча адистерди даярдайт. Биздин ведомство өлкөнүн ишканаларына жумушчуларды уюштуруучулук топтоо менен активдүү алектенүүгө ниеттенүүдө. Тажырыйба көрсөткөндөй, өлкөдө жумушчу колдорго суроо-талап чоң. Бирок иштөөгө даяр адистердин жетишсиздиги сезилип жатат.
Биз келечекте 2000 жаран иштей турган фабрикадабыз. Учурда өндүрүш 1000 адамды ишке орноштура алат. Бирок жумушчу колдун жоктугунан кадрларга болгон муктаждык 530 орунду түзөт жана мындай мисалдар өлкө боюнча көп. Ошол эле учурда мындай ишканалардын айлык акысы 25 миңден 60 миң сомго чейин", - деп билдирди. 

Бирок, министрдин мындай билдирүүсү чындыкка дал келээри күмөн. Анткени, иш орундары жетиштүү болуп, бирок жумушчу күч жетпей жатса, эмне үчүн биздин билимдүү, күчкө толгон жаштар иш издеп чет өлкөгө мигрант болуп кетип жатышат деген суроо туулат?..

Дегенибиз, өзүбүздө жумуш орундары жетиштүү болгон болсо, эмне үчүн Өкмөт өзү Англияга, Түштүк Кореяга, Сауд Арабиясына, Болгарияга, Германияга жарандарыбызды эмгек келишимин түзүп мандикер кылып жөнөтүп жатат? Жооп жок. 

Парадокс. Абсурд. Жалган-чыны аралашып иргелбей калды. Эптеп эле элдин көзүн боёшуп, жалганды чындай айткан төбөлдөргө өнөкөт болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости