www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 13 жаштагы зордукталган кыз көз жарган. Шектүү тергөө аяктаганга чейин СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, 2021-жылдын 23-ноябрында милицияга М.Б.аттуу аял кайрылып, ошол эле жылдын август айында Алтынбек аттуу жаран TikTok социалдык тармагына видео тартуу шылтоосу менен жашы жете элек небересин Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратына азгырып, бир нече жолу зордуктаганын белгилеген. Натыйжада кыздын боюна бүтүп, 2022-жылы уул төрөгөн.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси «Зордуктоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү К.А. милиция кызматкерлерине жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу фактысын четке каккан.

«Шектүү менен наристенин байланышын билүү үчүн соттук-биологиялык экспертиза керек болуп, бирок мындай байланышты наристе 1 жашка чыкканда гана аныктоого мүмкүн экени белгилүү болгон. Буга байланыштуу 2023-жылдын 10-февралында кайрадан соттук-биологиялык экспертиза дайындалган, бирок корутунду дагы эле даяр эмес», — деп айтылат маалыматта.

Медициналык изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгы белгилүү болгон соң, 2023-жылы 17-мартта 2002-жылы туулган К.А. кармалды. Ал соттун чечими менен тергөө бүткүчө №1 тергөө абагында камакта болот.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости