www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаевге Азербайджан Республикасынан агреман келсе, элчи болуудан баш тартып коюптур. Бул кадамы менен ал бийликке каршы командада экенин, эртеби-кечпи досу Өмүрбек Бабанов мамлекет башына келерин билдириптир. Албетте, тар чөйрөдө.

Эске салсак, Казакбаев атайын кызматта жана дипломатия айдыңында бир топ жыл иштеген. Стамбулда консул болуп жүргөндө байып, кийин тышкы иштер министринин орун басары, министрлик даражага да жеткен. Азыр болсо чүкөсүн калчап, Жогорку Кеңешке өтө турган партияларды акмалап отурат... Бул тууралуу маалыматты aryba.kg сайты жазып чыкты.

Баса, 25-ноябрда түшүнүксүз митинг болуп өткөн. Ошол митингдеги сүрөттөрдү сүйлөтө турган болсок, кара кийимчен ЖК депутаты Рада Түменбаеванын кызы, экинчиси Дайан Белек кадимки эле Өмүрбек Бабановдун оң колу Руслан Казакбаевдин штаттык консультанты. Так ушулардын кызматкерлери, “кызматтык” убагында жумуш ордун таштап митингге чыгышкан.

Бул жагына бийлик кандай чара көрөт, күтө туралы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости