www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгармачыл айым үчүн үй-бүлө менен сахнаны тандоо оор болсо керек. Балдарынын бактысы үчүн көмүскөдө жаткан каалоону экинчи орунга жылдырууга көбүнүн эрки жете бербейт. Бир жылдары шоу-бизнесте жарк этип жанган жылдыз бүгүнкү күндө үч кыздын бактылуу энеси.

- Бактыгүл, үй-бүлөнүн түйшүгүнөн сырткары бир нече ишти алып жүрөт экенсиз. Күнүңүз кандай башталары кызык болуп атат?

- Күндө эртең менен таңкы тамакты жасап кыздарымды ойготом. Үй-бүлөбүз менен бирге таңкы тамакты ичкенден кийин кыздарымды бала бакчага, кичинекейибизди бала карашкан эжеме калтырып жумушума келем. Бул жакта зарыл иштеримди бүтүрүп алып, кыздарымды бакчадан алып үйгө жөнөйм. Тамак жасап атабызды жумуштан күтүп алабыз.

- Айтмакчы, сиздин тамактарыңызды мактап жегендер көп экен. Атайын курстарга барып үйрөндүңүз беле тамак жасаганды?

- Кичинемен тамак жасаганга кызыкчумун. Биринчи жолу 4-классымда күйгүзүп картошка кууруп, туз салбай шорпо жасаганым эсимде. Апам төртөөбүздү жалгыз баккандыктан ал жумуштан келгиче үйдү иреттеп, тамак жасап койчумун. Кыскасы, апама жагымдуу нерсе кылганга аракеттенчүмүн. Тамак жасаган, үйдү таза кармаган адатым ошол кезден калыптанса керек.

- Түйшүккө эрте бышып чоңойсоңуз кыздарыңызды да жаштайынан оокатка бышырып аткандырсыз?

- Кыздарым азыр кичирээк. Бирок алдарына жараша жумшап жумуш жасатам. Мисалы, кийимдерин иреттешет, чачтарын өздөрү тарашат. Камыр жайып атсам сурашат, атайын кичинекей үбөлүктөрдү карматып, колуна камыр үзүп берип коём. Өз алдынча бир нерсе кылганга уруксат берем, майда жумуштарды кандай кылуу керек экенин айтып түшүндүргөндөн ээринбейм. Акырындан буюрса көнүп келатышат.

- Кыздарыңыздын назына атасы туруштук бере албаса керек?

- Үйгө жолдошум келгенде эрке жашообуз башталат. Кыздарым атасына каалагандай эркелеп, ойноп чер жазышат. Жолдошум да кыздарды урушканга уруксат бербей ою менен болот. Эртең менен бакчага бара жатканда да “атам жеткирет” деп турушат. Себеби ал айткандарын алып берип ою менен болот экен. Мен болсо “көп таттуу жегенге болбойт, тишиңерге курт түшөт” деп айрым нерселерден чектеп турам.

- Адатта аялдар уулдуу болмоюн төрөй беришет эмеспи. Эркек балалуу болсом деген тилегиңиз күчпү?

- Эгер табигый жол менен төрөсөм көп балалуу болмок болушум керек. Эми Кудай ден соолук берсе дагы деле балалуу болгонго каалоом күч. Жолдошум экөөбүз тең баланы уул-кыз деп бөлбөйбүз. Баары буйруктан да.

- Үй-бүлөңүздү бекемдеп турган кандай эрежелер бар?

- Эң жөнөкөй эреже - бирге тамактанабыз. Эртең менен күнүбүз кандай өткөнүн, пландарды бөлүшөбүз. Кечинде күнү бою кандай жаңылыктар болгонун талкуулайбыз. Кыздар үйрөнүп келген өнөрлөрүн көрсөтөт. Кечинде бир-эки мультфильм көргөндөн кийин жомок окуп берем. “Мен сени жакшы көрөм” деген сөздү бири-бирибизге көп айтабыз.

- Түгөйүңүздүн сизге жаккан кандай сапаттарын бөлүп айта аласыз?

- Боорукерлигин жактырам. Кандай адам жардам сурап келбесин жардам бергенден баш тартпайт. Мүнөзүндө катуулук бар. Ошого жараша айткан сөзүнө турат. Жоопкерчиликтүү, үй-бүлөгө карамдуу. Чечим кабыл алып жана ошол чечимине жооп бергенди билет.

- Кайын журтуңузга кандай келинсиз?

- Колдон келишинче жакшы келин болгонго аракет кылам. Апама сөз тийгизгим келбейт. Жалгыз келинмин. Кайын журтумду көргөн жерден жүгүнүп турам. Негизи эле мага жүгүнүп, улуулардын батасын алган жагат. Мурда сахнада жүргөндө да элге жүгүнгөндү жакшы көрчүмүн. Ата-энем мыкты адамдар, ошого жараша мен да мыкты келин болууга аракеттенем.

- Азыр ырчынын көбү сулуулук салон, кийим саткан дүкөн ачып атышат. Бул тармактагы атаандаштыкка кантип туруштук берип келе жатасыз?

- Мен бирөөлөрдүн ийгилигине чын ниетимен кубанганды билем. Мурда деле бир ырчы жакшы хит жаратса, клипти мыкты тарттырса жан-дилим менен “азаматсың” деп жакшы тилектеримди айтчумун. Ошол сыяктуу эле ырчы айымдардын салон ачып атканына, өздөрүн башка тармакта сынап атканына жакшы көз караштамын. Ар бир адамдын ырыскысы бар да. Менин өзүмдүн туруктуу кардарларым бар. Сулуулук тармагында мыкты адистер менен иштешем. Салонду биринчи ачкан жылдан бери адистеримдин теңинен көбү азыр деле мени менен кызматташат. Кийим боюнча айта турган болсом, дайыма сапаттуусуна басым жасайм. Ошол эле учурда баасын да өтө кымбаттатпайм. Туруктуу кардарларымдын каалоосун жана талабын эске алып иш кылам.

- Күйөрмандарыңыздын көбү ашыкча салмагыңызга сарсанаа болуп пикир жазгандарын окуп калам. Сындарды туура кабыл аласызбы?

- Негизи андай пикирлерди төрөй элек жаш кыздар же эркектер жазат. Албетте мени мурда арык бойдон көрүп көнүп калышкан, аларды деле түшүнсө болот. Бирок организм деген дайыма эле сен ойлогондой боло бербейт тура. Беш жылда үч жолу операция жолу менен төрөгөн оңой эмес экен. Балалуу айымдар мени жакшы түшүнсө керек. Үчүнчү кызымды төрөгөнүмө андай деле көп убакыт өтө элек. Акырындан мурдакы калыбыма келгенге аракет кылып атам. Жолдошум тескерисинче “арыктаба, мага азыркы кезиң жагат, каалаган тамагыңды же, жырга, ойлонбо, ушул турган турпатың менен сүйөм” дейт.

- Ушул бойдон чыгармачылыктан алыстайын деп чечтиңизби? Сахнаны сагынасызбы?

- Инстаграмдагы баракчамда катталгандардын токсон пайызы ушул суроону беришет. Күйөрмандарым “качан ырдап чыгасыз?” дегенде кубанып калам. Чыгармачылыгымды унутпагандарына ыраазычылык айтам. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө сахнага болгон сагыныч бар. Ушул бойдон такыр эле алыстап кетем же жакын арада кайрадан сахнага чыгам деп кесе айтуудан алысмын. Себеби эртеңки күнү эмне болуп кетерин өзүм деле билбейм. Жакында эле кыздарыма арнап ыр жаздырдым. Бирок үй-бүлөлүк бактым менен чыгармачылыкты таразага коё турган болсом, албетте жеке жашоом биринчи орунда турат. Ырчылардын жумушу кечинде башталат да. Анан мен кыздарымды үйгө таштап коюп тойлордо ырдап жүргөнгө жүрөгүм чыдабайт. Жашоомдун маңызы жолдошум менен кыздарым болуп калды.

Анара Дүйшөналиева

Булак: "Леди.kg"

Последние новости