www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрь күнү Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мадхья-Прадеш штатынын Бабита Ахирвар  аттуу 21 жаштагы тургуну мындан 1,5 жыл мурда күйөөгө чыккан. Жакшы ой менен жаш түгөйлөр балалуу болууну пландашып, көп өтпөй келин кош бойлуу болгон. Түйүлдүккө 35 жума болгондо, дарыгерлер Бабита Ахирвардын курсагында эгиз бала бар экенин айткан.  

Бирок, тилекке каршы 24-ноябрь күнү  жарыкка бир гана наристе  келген.  Ал бөбөк бир жүрөгү, эки башы, үч колу менен төрөлгөн.

Дарыгерлер баланын дени сак болуп төрөлүшүн “жакшы көрүнүш” деп атап, мындай аномалия миллион бөбөккө бирден туура келерин айтышкан. Баланын энеси бул эмнеден болгондугун айта албай, күйөөсү экөө болгону дени сак ымыркай каалагандыгын билдирди.

Учурда ымыркай дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, дарылоодон өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости