Боз үйдө аза тартып отурсам, сыртта туугандар мага жаңы күйөө издеп жүрүптүр
Турмуш  |   |  624

Бул окуядан бери бир топ жыл өттү. Ошол учурдагы абалымды айтпасам деле түшүнүп турсаңар керек. Мен туугандарымды жамандайын деп жазып жаткан жерим жок. Болгону, баянымды окугандан кийин бирөөнүн жашоосуна кийлигишкендер азаябы деп ойлодум. Эки баласынын эсинде сактала электе жолдошум бизди таштап, узак сапарга кетти. Эсинде сактала элек дегеним, бирөөсү эмчекте, экинчиси экиге чыга элек. Баарынан дагы ичим ушул нерсеге күйүп жатты.

Атасынын кандай камкор, шайыр, өзгөчө экенин көрүп калышса кана... “Ай, бул жаш неме эртең эле бирөөгө тийип кетет”, “жаш калды, эми бирөөгө тийип алышы керек”, “балдарын өзү бага албайт, бирөөгө тийип алганы дурус”, “тааныштарды карап чыгыш керек экен” ж.б. Мен мындай сөздөргө көнүп бүттүм. Унчукпай кутулчу болдум. Ичимдеги бооронду сыртка чыгарсам, эч кимиси соо калбайт эле. Акылсыз жандарды аядым. Ыйлай берип башым айланып, көзүм караңгылап, темтеңдеп араң дааратканадан келе жаткам.

Таякем, таежем, эки жеңем, кайнежем болуп бозүйдүн артында сүйлөшүп турушуптур. Мени чакырышты. Жандарына бардым. Бир кишини көрсөтүп, атын айтып, таанышып алышымды суранышты. Кеп эмнеде болуп жатканын дароо түшүндүм. Айтчу сөзүмдү баарына айтып, кайда баруулары керек экенин көрсөтүп, эсим ооп жыгылдым. Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Апам менен байкем балдарымды алып жанымда отурат.

Байкем мага карап, “мени менен шаарга кетесиңби?” деп сурады. Ойлонбостон макул болдум. Жеңем менен байкеме чоң рахмат айткым келет. Стресстен улам сүтүм чыкпай калды. Жеңем баласына кошум баламды эмизип, байкем бейтапканаларга ташып, мага аябай кам көрүштү. Аларга эркелеп жата бергим келбеди. Батыраак бутума турууну кааладым. Турдум. Мүмкүнчүлүк болору менен балдарды алып, батирге чыгып алдым. Жеңем мага көнүп калганын айтып, кетиргиси келбей жаман болду. Байкем таарынды.

Бирок, алардын жакшылыгын сыйлагым келди. Дагы калып калсам, сыйымды жоготмокмун. Апам айылдан келип-кетип жардам берип жүрдү. Жумушка орноштум. Бир жылдан кийин күйөөмдүн ашына бардым. Баягылар эч нерсе болбогондой учурашып чыгышты. Ачуумду араң кармадым. Уят эмне экенин билбеген жандар экен. Көзүмө ушундай күлкүлүү көрүнүштү. Мени баарын унутуп калды деп ойлошкон чыгар. Унутулбайт. Силер убагында кылган жамандык эч качан унутулбайт.

Булак: Bilesinbi.kg

Поделитесь с друзьями