www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Гарринин достору анын жубайы Меган Марклды үйлөрүнө конокко чакыруудан баш тартышты. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Белоруссияга таянып, Sputnik Кыргызстан жазып чыкты.

Нагыз британиялыктар, айрыкча аристократтар салт санаага өзгөчө маани берип, этикет эрежелерин бекем сактап келишет. Британиялыктардын кеңири жайылган үрп-адаттарынын бири — кечки тамакка конок катары чакырылган жубайларды өз-өзүнчө отургузуу. Бул нерсе аристократтарга башка адамдар менен кеп курууга шарт түзөт. Бирок Меган Маркл мындай этикетти сактоодон баш тарткан. Буга байланыштуу ханзада Гарринин достору анын жубайы менен бир дасторкондо чай ичпей тургандыктарын билдиришкен. Алар герцогинянын "америкалык адаттарын" жактырбай келишет.

Эске сала кетсек, Меган Марклдын Букингем сарайынын ханышасы Елизавета II келин болуп келгенде эле жактырбайгандай сүр көрсөткөнүн дүйнө басылмалары жазып чыккан.

Ага себеп анын артист келини Меган үйлөнүү той күнү эле көптөгөн эрежелерди бузган. Той учурундагы тасмалардан Британ ханышасынын бир жолу аргасыз дагы болсо жылмайганын көрүүгө болбойт.

Ал эми анын келини Меган чыны менен Букингем сарайынын ичиндеги ички эржени бир нече жолу бузуп жатканын жазбай көрүүгө болот.

Алар өткөн жылы үйлөнүшүп, ушул жылы 6-майда Арчи аттуу уулдуу болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости