www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-августта Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочусу менен келүүсүн маалымдады. Жээнбеков бүгүн камакка алына тургандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ага кошумча ал, өзүнүн жактоочусу Азимбек Бекназаров экенин жар салды.
Эми мындан аркы темир тордун кезеги Мээрбек Мискенбаевде. Мискенбаев мурда 2010-жылдын шарапаты менен депутат боло калып, көп өтпөй мандатын тапшырган. Мээрбек Мискенбаевдин буга чейинки кадамдарына укук коргоо органдары бир нече жолу көз жумган. Тилекке каршы эми анын кадамдары өзү кылган иш, өз башына муш болуп, Атамбаевге кошуна болгонго саналуу гана күндөр калды.
Эске сала кетсек, 7-8-августтагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы ызы-чууда, саясатчы Равшан Жээнбеков дагы жүргөн.
Болуп өткөн окуянын кесепетинен 100дөн адам жаракат алып, 1 адам каза таап, бири учурда оор абалда.
Булак: NazarNews.kg