www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-августта Равшан Жээнбековду ИИМдин Тергөө башкармалыгына жактоочусу менен келүүсүн маалымдады. Жээнбеков бүгүн камакка алына тургандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
--“ИИМдин тергөө башкармалыгынан бүгүн жактоочум менен келүүнү айтышты. Себеби мени 224-беренеси (“барымтага алуу”) менен камакка алышат экен. Менин укуктарымды жактоочум Азимбек Бекназаров коргойт. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем. Мыйзам алдында тазамын, муну ошол күнү ЖМКларда чагылдырылган материалдар далилдейт”, – дейт Жээнбеков.
Эске сала кетсек, 7-8-августтагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы ызы-чууда, саясатчы Равшан Жээнбеков дагы жүргөн.
Болуп өткөн окуянын кесепетинен 100дөн адам жаракат алып, 1 адам каза таап, бири учурда оор абалда.
Булак: NazarNews.kg