www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика көтөрүлбөсө эл көтөрүлөт, айлык көтөрүлбөсө айылдык көтөрүлөт, -деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айтты. Депутат элди көтөргүсү келип жатабы?  

Момбеков: - Өткөндө Ысык-Көлдө эс алып жүрсөм, пенсионерлер менен врачтар жолугуп айтышты.

--Сиз ачык айткан депутатсыз айтсаңыз, сентябрь, октябрда айлык көтөрүлөт экенго -деп.

--Ким айтты? - десем, “өкмөт башчы айтты” дешти.

--Силер ишендиңерби? - десем, “ишендик” дейт.

--Мен ишенген жокмун, дедим. Аларга “силер көтөрүлүшүңөр мүмкүн, бирок силердин айлыгыңар көтөрүлүшүнө ишенүү мүмкүн эмес деп айттым” дейт эл өкүлү, көкүрөгүн көтөрүп Жогорку Кеңештин трибунасында.

Момбеков өзү эл өкүлү болуп туруп, өкмөттү көзөмөлдөө милдети бар экендигине карабай, Өкмөт башчынын айткан сөзүнүн өтөсүнөн чыгуусун өз милдетинен, укугунан пайдаланып, тактап, элге туура маалымат бергендин ордуна, тескерисинче элге тескери маалымат берип, элди, айылды көтөрүлүшкө үндөгөнүн кандайча түшүнсө болот…

Ошондо Момбеков күзүндө айылдагы элди айлыка такап көтөрүп, бийлике каршы көтөрүлүш уюштургусу барбы?

Момбековдун пикирин УКМК, укук коргоо органдары кандай түшүнүк менен кабыл алып, кандайча укуктук баа берет болду экен?

Же эл өкүлүмүн деп, оозуна келгенди оттоп, уйкаштырып сүйлөй берсе боло береби? Анчалык күчтүү акын экен Элмирбек Иманалиев менен Аалы Туткучевдин жанына барып, эл аралык акындар менен таймашка чыксын. Момбеков мыйзамды билип туруп элдерди чагымчылдыкка чакырып, таза сууга шымын чечпей туруп «чапкыртканы» туурабы УКМКчылар!

Эске сала кетсек, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан мугалимдердин айлык акысы, 1-октябрдан баштап пенсия  көтөрүлө тургандыгын жар салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости