www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын биринчи соода миссиясы Бишкекте Кыргызстандын министрликтери, компаниялары менен жолугушууларды баштады. Бул миссиянын ичинде Британиянын он беш компаниясынын өкүлдөрү бар. Алар биринчи жолугушууну Кыргызстандын Экономика министрлигинде өткөрүштү. Би-Би-Си кабарчысы британдык соода миссиясынын жетекчиси, Британдык экспертиза компаниясынын башчысы Найджел Питерсти маекке тартып, британдык компаниялардын Кыргызстанга келген башкы максатын сурадык.

Найджел Питерс: Биз он беш компаниянын тобун бул жакка алып келүү боюнча британ элчилиги менен бирге иштеп келдик. Булардын баары артыкчылык берилген секторго салым кошо ала турган компаниялар. Мисалы, консалтинг жана кесиптик кызмат көрсөтүү, транспорт, энергетика, туризм жагынан айтсак болот. Айтор, экономика министрлиги приоритеттүү деген тармактарга керектүү компанияларды алып келгенге жетиштик. Булар Кыргызстанда өзүнө өнөк таап, бизнести өнүктүрүүгө умтулушат деп ойлойбуз.

Би-Би-Си: Кыргыз тарап силерди кандай кабыл алып жатат? Ушул компаниялардын Кыргызстанда келишим түзүп иштеп кала турганы канчалык реалдуу деп ишенесиз?

Найджел Питерс: Экономика министри менен жолугуштук. Энергетика маселеси боюнча жолугушуулар болду, гидроэнергетикага инвестиция салуу жөнүндө сөз болду. Транспорт жана туризм боюнча долбоорлор да бар. Биздин жабдуулары бар консалтинг компаниялары да келген. Бул жактагы университеттер жакшы жолдо баратат, бирок техникалык адистиктер боюнча билим берүү жагын өнүктүрүү зарыл. Техникалык билимге ээ жумушчу күчү жагынан Британия абдан күчтүү, бул жагындагы тажрыйбасы менен бөлүшө алат.

Би-Би-Си: Силер кандай конкреттүү сунуштар менен келдиңер?

Найджел Питерс: Компаниялардын сала турган акчасы бар болсо, Британ өкмөтүнүн эл аралык өнүктүрүү бөлүмү аларга өздөрүнүн программалары менен көмөктөшөт. Ушул компаниялар Британиядан чыккан жабдууларды сатып алгысы келсе, аларга экспорттук кредит жагынан жардам берилет.

Би-Би-Си: Ал эми кыргыз тарапта британдык жабдууларды сатып ала турганга кудуреттүү, иштеше ала турган компаниялар жөнүндө иликтөө жүргүзүп көрдүңөрбү?

Найджел Питерс: Биз бул жакта өнүктүрүү банктары менен дагы жолугуп жатабыз. Биздин өзүбүздүн эл аралык өнүгүү бөлүмдөрүнөн сырткары Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы бар, алардын да өздөрүнүн каржылай турган программалары бар. Ошондой эле Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүу банкы дагы субсидия кредиттерди бере алышат.

Би-Би-Си: Алтын кен компанияларынын ишиндеги кыйынчылыктардан улам Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу солгундаган учурлар болгон. Бул жагында кырдаал канчалык оңолду болду экен?

Найджел Питерс: Ооба. Мен оңолду деп түшүнүп атам. Биз ЕККБнын өкүлдөрү менен жолугуштум. Азия боюнча жооптуу жетекчинин Бишкекке жайгашып калганынын өзү да жакшы иш болуптур. Анын бизге айтканына караганда, айрым инвестицияларга байланышкан проблемалар ар дайым болуп келген. Бирок жалпысынан бул банк өтө активдүү иштеп жатат, бул жакшы көрсөткүч.

ЕББРдин жылдык жыйыны өткөндө кыргыз экономика министри Лондонго барып, инвестициялык форум өткөргөн. ЕББР бул ишке көмөк көрсөткөн.

Булак: "bbc.com"

Последние новости