www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мечиттердин абалы сыйынуучулар үчүн ыңгайлуу, санитардык-гигиеналык жактан талапка ылайыктуу, коопсуздук нормаларына дал келген болушу керек. Ошондой эле мечиттер жана дин кызматкерлери коомдук коопсуздуктун чыңдалышы үчүн өз салымдарын кошууга милдеткер. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин кезектеги отурумунда ушундай жыйынтык чыгарылды.

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы диний мекемелердин абалы жана ишмердүүлүгү жөнүндө маселе караган отурумга шаардын активи, дин кызматкерлери, ички иштер органдарынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Анда Жалал-Абад шаарынын аймагында 27 мечит жана 4 намазкана барлыгы, 11 мечитте Жума намаздары окулары, булардын баары ханафий мазхабында ѳз ишмердүүлүктѳрүн жүргүзүшѳрү айтылды. Шаардагы мечиттердин абалы улам жакшырып, дин кызматкерлеринин коомдук тарбиялоо жана коомдук коопсуздукту бекемдөө иштерине салым кошуп жаткандыктары белгиленди. 

Бирок, ошол эле кезде айрым мечиттерде ыңгайлуулуктар жаратылбай, санитардык нормалар сакталбай жатканы, айрым окуу борборлору расмий катталбай туруп диний максаттарда пайдаланылып жаткандыгы, тийиштүү органдарга билдирбей, уруксат албай туруп жаңы мечиттердин курулуштары жүрүп жатканы тууралуу кеңири талкууланды. Ошондой коомчулуктагы мусулман жамаатынын өкүлдөрү менен башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилелер тууралуу да маселе козголуп, айрым талаш-тартыштар жаралды.

Отурумда 2016-жылы Жалал-Абад областтык Казыятта 3 жамаат 4 айга, 12 жамаат 40 күнгө жана 1 жамаат 15 күнгө даават кылуу үчүн катталганы, ал эми шаардын баш имамы тарабынан 5 жамаатка шаар ичинде 3 күндүк даават кылууга уруксат берилгени, 2017-жылдын алгачкы айында 4 айга 2 жамаат, 40 күнгө да 2 жамаат даават кылуу үчүн катталгаы белгилүү болду. Андан тышкары, 7 имам  диний жогорку билимге ээ, ал эми 24 имам диний орто билимдүү экени да айтылды.

Шаар мэриясынын аткаруу комитети бул маселелерди карап жана талкуулап, мечиттердеги абалды жакшыртуу, коомдук коопсуздукту чыңдоо, бул багытта дин жана коомчулук өкүлдөрү менен тийиштүү органдардын чогуу иш алып баруусун, бардык окуу жайларында балдардын теср диний агымдардын таасирине кирип кетпөөсүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеген токтом кабыл алды.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости