www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын бажы кызматынын башчысы Владимир Булавин менен Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов ЕАЭБдин алкагында ачылган Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна барып, биринчи партия менен келген жогорку технологиялык жабдуулар менен таанышып чыгышты.

В.Булавин өз сөзүндө дагы бир топ жабдууларды алып келүү боюнча пландалып жатканынына жана "Тогуз автоунаа өткөрмө пунктун, төрт темир жолду, эки аба майданын, ошондой эле 15 лабораторияны жабдуу иштерин аягына чыгаруу керек. Ошондой эле жакынкы аралыкта жогорку технологиялык жабдуулардын экинчи партиясын Бишкек жана Ош шаарларына алып келүү ишке ашырылат", — деп токтолуп өттү.

Ал ошондой эле аба жолдорундагы өткөрмө пункттарына көтөрүп жүрүп текшерүүгө ала турган жабдуулардын кичи көлөмү келгенин кошумчалаган. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин алкагында Россия 2016-жылдын аягында Кыргызстанга 1,5 миллион долларлык ветеринардык лаборатория жабдууларын берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости