www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөгө жумушчу сапары менен барган Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды.

Gazeta.uz сайты билдиргендей, Шавкат Мирзиёев заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү тармагындагы эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги кызматташтыгын белгиледи.

Сергей Нарышкин эки өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди чечүүдөгү өз ара аракеттешүүнүн деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал Шавкат Мирзиёевге Орусия президенти Владимир Путиндин дубай саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө экстремизм, терроризм, маңзат ташууга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери да талкууланды.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости