www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында 24-февралдан 24-мартка чейинки аралыкта кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы өтөт жана бул илдетке каршы комплекстүү чаралар жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди.

Анын айтымында, шаар мэриясынан атайын буйрук чыгарылып, кургак учукка каршы бир айлык жарыяланган жана бул илдетке каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча иш-чаралар бекитилген.

-Шаарда кургак учукка каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар 12 пункттан кабыл алынып, коомчулукта, айрыкча жогорку, атайын орто жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде, калк арасында, убактылуу кармоочу жайларда бул илдетке чалдыгып калбоо боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрөт. Азыркы тапта биздин саламаттыкты сактоо мекемелерибизде атайын иштелип чыккан иш-чараларга ылайык практикалык аракеттер башталды, - дейт ал.

Эскерте кетсек, өткөн жылы шаарда 93 адам кургак учук оорусуна биринчи жолу чалдыкканы аныкталган. Ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 85 адамды түзгөн. Алардын арасында улуу кишилер басымдуулук кылган.

А. Раматиллаеванын айтымында, кургак учук оорусуна биринчи жолу чалдыккандардын аныктоо өтө маанилүү нерсе. Ошондуктан бул багытта аракеттер күчөтүлөт.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости