www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен башка фракциялардын айрым депутаттары Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча суроолорун беришти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев боюнча суроолорго жооп беришти.

Күч орган жетекчилери көп жагдайлар тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болорун, ал он айга узартылганын айтышты.

Ал арада “Ата Мекен” партиясынын юристтери кырсыкка кабылган учактагы жүк президент менен анын жубайыныкы деп айтып чыгышты. УКМК дароо муну төгүндөгөн билдирүү таратты.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн башкы чекист Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны жалпы жыйынга чакырып, оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев боюнча суроолорду беришти.

Оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары менен башка фракциялардын айрым депутаттары жалпысынан Текебаевге иш козгоп, камакка алууга орусиялык эки кишинин арызы жетиштүү беле, аны кармоо ыкмасы канчалык негиздүү, кылмыш кантип далилденет деген өңдүү суроолорду узатышты.

“Бир бол” фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин ошол тариздеги жана пара берилди дегендин өзү факт болобу деген суроосуна Индира Жолдубаева жооп берди:

“Ошол билдирүүлөр кылмыш ишин козгоого жетиштүү деп эсептедик. Бул жагдайлар тергөөдө каралат. Тергөө коопсуздук комитетине өткөрүлгөн”.

Исхак Масалиев сөзүн мындай жыйынтыктады:

“Мен кантсе да көп жыл депутат болдум, көптү көрдүм. Ушундай билдирүүлөрдү мен 2005-жылы да, 2010-жылы да уккам. Баары далилденген дешет. Бирок тарых кайра кайталанды. Мен сиздер кабыл алган кандай гана чечим болбосун кесепети болоорун эскертким келет. Алар сиздерге кайтуу касиетине ээ. Андыктан мен тергөөнү абдан объективдүү жүргүзүүнү сурайм. Кимдир бирөөнүн каалоосун аткарбагыла”.

Депутаттар эмнеге пара бергемин деген орус жарандарына да иш козгобойсуңар деген суроого күч тармагынын жетекчилери алар арызданып кайрылган тарап катары каралып жатканын айтышты.

УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев

УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев

“Ата Мекенден” депутат Аида Салянова ири суммадагы пара алды деп айтылган 2010-жылдын 27-июлунда Өмүрбек Текебаевдин бийликтеги ыйгарым укуктары бар беле деген суроосуна Индира Жолдубаева убактылуу өкмөттө болгондуктан ыйгарым укуктарына ээ болчу деди.

“Өмүрбек Текебаев техникалык өкмөттө болгондо деле өз чөйрөсүндө ишке ашырган ыйгарым укуктары болгон”, - деди Жолдубаева.

“Көрдүңүзбү, сиз жада калса ал кишинин техникалык өкмөткө кирбегенин билбейсиз. 120 депутаттын алдында отуруп алып калп айтып жатасыз. 12-июлда убактылуу өкмөт жумушун бүтүптүр. 13-июлда техникалык өкмөт иштей баштаптыр. Айып тагууда силер “2010-жылы 27-июлда Маевский Моди аркылуу 300 миң долларды берген” деп айтып жатасыңар. Ал убактылуу өкмөттө да, техникалык өкмөттө да иштеген эмес”, - деди Салянова Жолдубаевага.

Баш прокурор Текебаев Маевский менен жолукканда убактылуу өкмөттүн курамында болчу деди. Анда Салянова айып тагууда экөөнүн жолугушуулары да июль, августта өткөн деп жазылганын айтты.

“Ата Мекендин” депутаттары Текебаев кармалган күнү адвокат да кеч берилегинин белгилешти. Кылмыш ишин ачууга жеке өзүм кол койдум деген Жолдубаева өз учурунда, кармалган соң үч сааттын ичинде киргизилгенин айтууда.

“Ата Мекенден” депутат Каныбек Иманалиев параны колуна алган киши өлсө, муну кантип далилдейсиңер, калганы ким, аларга эмнеге иш козголгон жок деди. Биринчи 300 миң долларды ортомчу катары колуна алган Маткеримов аттуу жарандын көзү өтүптүр. Абдиль Сегизбаевдин айтымында, акчанын калган бөлүктөрүн алгандардын аты азыр айтылбайт.

Ал арада “Ата Мекен” партиясынын юристтери кулаган учактагы жүк президент менен анын жубайыныкы болгонун айтып чыгышты. Алардын билдиришинче, Текебаев Кипрден муну далилдөөчү документтерди жарыялоо алдында камалды. Юристтер Текебаевден ошол документтерди алып калуу максатында аба майдандан кармашты деп эсептешет.

Бирок УКМК дароо жооп катары билдирүү таратты. Анда партиянын юристтеринин сөзү жалган. Тергөө депутатты тинтиген да эмес.

Ал эми кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин менен бирге берген маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев оппозициянын аларга каршы репрессия жүрүп жатат деген айыптоолорун төгүндөдү.

“Кандай репрессия, бул таза көз боёмочулук жана коррупция. Анткени Орусиянын эки жараны гана билдирсе мейли эле. Биринчиден, алар көбөйөт, себеби көп күбөлөр болгон. Экинчиден, менимче акыркы үч жылдан бери ошол эле партиядан мурунку депутат Абдрахманов Өмүрбек айтып келатат. Андан сырткары мунун баары калкып чыгат дагы”, - деди Атамбаев.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоо боюнча документке жеке өзү кол койгонун билдирдиБашкы прокурор Индира Жолдубаева Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоо боюнча документке жеке өзү кол койгонун билдирди

“Ата Мекендин” жана оппозициянын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев коррупцияга жана көз боёмочулукка шектелип, эки айга тергөө абагына камалды. Орусиялык ишкер Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” компаниясын башкарууга кирип, аны калкалап бериши үчүн Текебаевге бир миллион доллар бергенин Кыргызстандын улуттук коопсуздукту коргоо комитетине билдирген.

Ага чейин Текебаев президенттин мыйзамсыз мүлктөрү тууралуу айыптоолорду жарыялап келаткан. Эки тараптын тирешүүсү, бири-бирин коррупцияда айыптоосу өткөн жылдан бери уланууда.

Булак: "bbc.com"

Последние новости