www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде, министрлер кабинетинен билдиришти.

"Биздин жолугушуубуздун максаты - кечиктирилгис маселелерди талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө. Министрлер кабинети "жашыл", креативдүү экономиканы өнүктүрүү, санариптештирүү багытын белгиледи. Биз үчүн экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү. Алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүү үчүн биз сиздер менен конструктивдүү кызматташууга багытталганбыз", - деди ал.

Министрлер кабинети жыйында төмөнкүлөрдү талкуулады:

• "Лейлек" жана "Бишкек" эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери;

• бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо;

• жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды сактоо жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдарды азайтуу;

• эл аралык логистика маселелери;

• жеңил өнер жайын өнүктүрүү.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана жүк ташуучулардын ассоциациялары менен бирдикте эл аралык каттамдардагы логистикалык шарттарды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана Президенттин Аппаратына сунуш киргизүү тапшырылды. .

Экономика жана соода министрлигине Wildberries базарында ата мекендик жеткирүүчүлөрдү каттоону жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү IT адистерин каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга "Лейлек" ЭЭАнын инфраструктуралык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости