www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов министрлерге телефон чалса албай жатканын айтып президентке даттанды.

Эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынында президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.

"Буга чейин президентибиз Садыр Нургожоевич "министрлерди көп чакырбагыла, убара кылбагыла, алардын орун басарлары келип тийиштүү суроолоруңарга жооп берет, бүт иштерди ошолор кылат" деди эле. Президентибиздин айтканын сыйлап министрлерди көп чакырбай калганбыз, бирок телефон аркылуу маанилүү маалыматтарды алалы десек, кээ бири жадагалса телефонун албай жатат. Ошого көңүл буруп койсоңуз. Өзүңүз тапшырма берип, телефонго жооп берип койгула деп коюңузчу", — деди Сулайманов.

Жыйында отурган президенттин парламенттеги өкүлү бул маселе боюнча депутатка жооп берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости