www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан менен болгон 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды. Жапаров Тажикстан менен чек аранын 664 чакырымы такталганын, тактоо иштери жай жүрүп жатканын айткан. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Анын 664 чакырымын такталды, 308 чакырымы калды. Иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара шаарынын жетекчилери жана активисттери менен жолугушууда чек ара маселесине да токтолду. Анын айтымында, тажик тарап 2002-жылдан бери Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. 20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды. Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты, адистердин ишин талап кылган жараян экенин белгиледи. «Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деген ойду бекем карманат. Андыктан Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияларга алдырбоо зарыл”,- деп белгиледи тажик мамлекет башчысы.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 5-10-апрелде Тажикстандын борбор шаарында өткөн. Мындан көп өтпөй эле 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирген. Чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин тараптар үч ирет жолугуп сүйлөштү.

Кыргыз эли үч миң жыл мурун Кытайдын летописине жазылып калганын тарыхчылар таап чыкты. Кыргыздар менен кошуна эки суунун ортосу Мавеннахрда байыртан эл жашап келатат. Мындан туура 2300 жыл мурун Искандер Кош мүйүз көз жумат. Ал көз жумарына аз калганда биздин заманга чейин 329 –жылы азыркы Өзбекстан менен Тажикстандын аймагына басып кирип, үч жылда толугу менен ээлейт. Арсланбабга чейин жетип, жаңактарын алып кетип грек жаңагы деген ат алат. Ошол бойдон Индияга өтүп кетет. Бирок гректерин, басып алып кул кылып алган перстерин ушул чөлкөмгө таштап кетет. Арабдар халифат уюштурганда Кытай менен Таласта тирешип, экөө эки жакка качып жок болушкан. Бирок, Мавеннахрда арабдар кала берген. Чыңгызхандан кылычына Самаркан, Бухара, Нукус сыяктуу көптөгөн шаарлар дуушар болгон. Бул аймакта жашаган түрк тилдүү уруулар булар менен аралашат.Ушул курама элдер миңдеген жылдар Орто Азиянын чордонунда жашап келген. Фарсы тилинде сүйлөшкөн бул курама элди тажиктер дешкен, ал эми 1380 –жылдары Дешти-Кыпчактан Өзбек хан басып кирип ээлеген жер түрктөшкөн. Бул жерлерде Бухара, Кокон, Хива хандыктары өкүм сүрүп турган. Улуттук республикалар түзүлгөндө түрк тимлинде сүйлөгөндөргө өзбек, фарсы тилинде сүйлөгөндөргө тажик деген ат берилет. Чек аралар болсо кыргыздар менен да чечилбеген бойдон кала берген. Кыргыздарда да талаш маселе бар, бирок ушул маселени Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен чечти. Ал эми Хомрохон Зарифи сыяктуу аксакалдар эки элдин чек арасын тынч чечип берүүнүн ордуна, кимдир бирөөлөрдүн шилтөөсү боюнча ар кандай булганыч ой –жорууларга барып жатат. “Манаста” жазылган анын беш аялынын башкысы Санрабига тажик деп. Ошондуктан, кан менен нике курган деп Каныкей аталган. Албетте, Манас фарсы кызын алганы чындык болсо керек. Эгерде Манаска таянсак түпкү кыргыз жери Жерге-Тал, Мургаб, дээрлик Тоолуу-Бадахшан кыргыз жерлери болуп жатпайбы. Союз убагында бул жерлерде жалаң кыргыздар жашаган, тажиктер Сталинабадды борбор кылып республика түзүп алсын деп Сталин Тажикстанга каратып койгон. Азыр бул жерди фарсыча “Лахш” деп өзгөртүшүп, тажиктештире баштады. Канчалаган жер тажиктердин колунда калды, ошого карабай таза кыргыз жери Ворухту чечип, чеке ара маселсин бүтүрбөй чыр-чатак уланып келатат. Кыргыз мамлекети эгемен алгандан бери 30 жыл өттү. Өткөн 30 жыл ичинде түштүк чек ара маселелери чечилбей келген. Көптөгөн жерлерибиз талашка айланып, ал жерлер үчүн канчалаган жарандарыбыз кыйналышты, окко учуп оо дүйнө менен коштошкондор болду, жарадар болгондор андан көп болду. Ал эмес чек араны бузуп кирип үйүнүн алдынан атып кетип жатты. Ошентип, чек арага чектешкен түштүк айылдарынын жашоочулары кыйналышып, катар-катар арыздар менен, кайрылууларды кылып жатса да мурунку бийликтегилердин бири да чечкиндүү кадамдарга барган эмес, ал эмес аракет кылышкан жок, кылышса да жоопкерчиликти алуудан качышкан. Көптөн күткөн эл үмүтү акталып, эл башына мекенчил инсандар келди, чек араны жана УКМКнын тизгинин Камчыбек Ташиев колуна алган. Тонолгон, кордолгон,тешилип калган бечара Кыргызстандын чек ара маселесин чечүү талаш маселе...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости