www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жараткан адам баласын бирдей жаратат. Жаңы туулган наристелердин өңү да, ыйлаган үнү да, чычып-сийгени да, эмчек соргону да, быламык жегени да... баары-баары бирдей... Анан жылдар өтөт, баягы «ыңаалаганы» бирдей балдардын ар кимисинин өздөрүнө гана тийешелүү сапат-мүнөздөрү пайда боло баштайт. Бара-бара адамдык сапаттары дааналанып, бири жакшы адам сыпаттамасына ээ болот, экинчиси жаман адам атын алат. Бүттү, ошондон ары ушул сыпаттамалардын коштоосундагы жашоосу өтөт. Адам баласынын жаман жана жакшы болуп бөлүнүшүнүн кандайдыр бир сыры бар. Албетте, адам мүнөзү калыптана баштагандагы сырткы таасирлердин да тийешеси бар дечи, аны менен кошо тукум куучулук деген да бар...

Кайсы бир бала жетишпеген бүлөдө өстү же жетим болду, ал баланын курсагы жакшы тойгон жок, ар нерсеси жетишпей жашады. Ошондой балдардын көбүү ач-көз, битир болот, бирөөнө бир нерсесин бербейт. Өзү да колуна тийгенди жалмап турат... Дагы бирөө таш боор болот, бирөөнө боору оорубайт, ал сезимден куру... Үчүнчү бирөө жанда жок коркок болот, бирөөлөрдүн артына жашынып жашайт... Деги койчу, канча адам болсо, ошончо мүнөз... Анан толтура байлыгы бар, ага болбой дагы да жутунуп турган немелер жалаң эле начар жашаган бүлөдөн чыккандар же болбосо жетимдерден эле болбосо керек. Ачкүсөндөй болуп барга тойбой турган адамдарды Жараткан өзүнчө бир жаратат болуш керек?! А балким, ошондой адамдардын өздөрү билер, ошолордон сураш керек.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, Акаевдин «айтылуу» аспиранты Кубанычбек Жумалиев жөн адам катары жаралбагандыр... Бул адамдын көр оокатка жетиштүү жолу Аскар Акаевдин президенттиги менен ачылган. Ошондон бери чоң кызматтарды аркалап келди да анан кийинки бийликтердин керегине жарабай калганда депутат болуп кетти. Анын байлыгы жөнүндө, жеп-ичкени жөнүндө ошол Акаевдин тушунан бери эле айтылып келатат. Дегеле мунун тоёр күнү жок окшобойбу, байлык кууган жолунан кайтпай койду... абал ошол, топуракка эле тойбосо?! Жакындан бери «Кубанычбек Жумалиев 33 фирмасынан салык төлөбөй келиптир, декларация толтурбаптыр» деп басма сөздө, сайттарда... «ызылдап» эле жатып калышты. Бир фирма болсо, беш фирма болсо да мейли эле, ал эми 33 фирма дегенде уккандын кыжыры кайнабай койбойт экен! Жумалиев бул 33 фирманын кээ бирине ээ экен, ал эми кээ бирине өнөктөш экен... Ал өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери чоң кызматтарда. 33 фирманын 11 фирмасын кызматта жүргөндө ачыптыр, анын ичинен 8и депутат кезинде ачылган. Мыйззм боюнча, кызматта жүргөн адам ишкана-фирма ача албайт, ачууга укугу жок.

Ал эми Жумалиев укук-пукук менен кайдан иши болсун, аны урганы жок да! Анын фирмалары негизинен эл агартууда жана курулушта экен. Ал ачкан физика-математика мектеби бар, өзүнүн аты коюлган... Жанагы 33 фирмасына декларация толтурган эмес, салык төлөнгөн эмес. Америкада болсо, эң чоң жазага тартылмак! Наалатыныкы, өзү мыйзам чыгаруучу жерде олтурат, «мыйзамдарды сактайлы» деген сөздү нечен ирет айтат да, анан эмнеге өзү мыйзам сактабайт?! Ал деген абийирге байланыштуу болот. Абийири жок адамга мыйзам-сыйзамыңдын ажырымы жок, аларга байлыгынын болгону эсеп! Жумалиев ушундай неме! Бу Акаевдин айтылуу аспиранты ошол Акаевин айылы тарапка эс алдырып барып, тоо-ташка Акаевди эшек мингизип алып кыдыртып анын көңүлүн алып, кийин өзү Акаевдин аркасы менен каалаган кызматтарына отуруп, деле адам көппөгөндөй көптү да! Мөлтүрөгөн сонун жигиттин катынын да тартып алды! Бул жагы өзүнчө чоң сөз!.. Чоң кызматтарда иштеп, алардын биринде да «жакшы иштеди» деген кепке арзый албады. Ал эми жеп-ичкен жагынан алдына киши салбады... Таң калам да алды- жеди, тойду, бир эмес, бир канча өмүргө жетип берчү каражаты бар. Анан ушул жерден алган-жутканын, дүнүйөнүн артынан сая түшкөнүн тык токтотуп, жаканы кармап тобо келтирбейби да тынч оокатын кылбайбы... Жок, бул сорттогу адамдар - канча жесе ошончо жегиси келет, канчалык көп жесе ошончолук сук боло баштайт экен! Булардын «болду» деген сөзү «дагы» дегенге алмашып калат тура?! Эми Жумалиевди да, Жумалиев өңдүүлөрдү да эч ким оңдой албайт! Аларды кезегинде кара жер гана оңдойт!..

Баратбай АРАКЕЕВ

Булак: "Багыт.kg"

 

 

Последние новости