www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүк өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде, айрыкча Африкада тиш доктурлар азыркыга чейин  амальгамадан жасалган, сымап кошулган катуу металлдардын кошулмасынын  пломбасын колдонушат. Эксперттер мындай  тишке коюлган пломбалар адамдын ден-соолугуна коркунуч алып келээрин, сымап пломбасын медицинадан чыгаруу керектигин айтышты. 

Бул сымап көйгөйү Женевадагы Минамата конвенциясына катышуучу мамлекеттердин     үчүнчү  чакырылышында талкуулануучу көйгөйлөрдүн бири дейт БУУнун маалымат кызматы.

Эске салсак,  аталган конвенция 2013-жылы 10-октябрда кабыл алынып, Минамата шаарынын атынан коюлган.  Бул шаарда 1957-жылы 1,7 миң адам сымаптан катуу ууланган.

 Аталган сессия 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланмакчы.

 Келишимге ылайык, 2020-жылдан тарта курамында сымап бар товарларды өндүргөн өндүрүүчүлөргө тыюу салынып,  экспорт жана импорт кылууга чектөө коюлат.  Буларга: батарейка, медициналык приборлор, люминесценттик  лампалар, өчүрүүчү, күйгүзүүчү элементтер жана тоо-кен казып алууга (алтын, цемент, көмүр) колдонуулучу сымаптар кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости