www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы митинг өтөт. Бул тууралуу журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.
Социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталууда.
Буга чейин аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.
Булак: NazarNews.kg