www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Д.А. Жумабековго;

Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри М.Д. Абылгазиевге;

көчүрмөсү: Массага  маалымдоо

каражаттарына;

Урматтуу   Сооронбай  Шарипович!

Урматтуу   Дастан Артисбекович!

Урматтуу   Мухаммедкалый  Дуйшекеевич!

Акыркы мезгилдерде, Кытай Элдик республикасынын Шинжан аймагында миңдеген адамдар "саясий лагерлерде" кармалып, кысым көрүп  жатканы байма-бай айтылып келет, Алардын басымдуу бөлүгү – кытайда жашаган этникалык топтордун өкүлдөрү, тактап айтканда: кыргыздар, казактар, уйгурлар экендиги белгилүү. Токтоло кетүүчү жагдай, алардын ичинде – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, кайрылмандар да болуусу мүмкүн.

Саясый кысымга кабылгандар андай жайларды "кыйноочу түрмө" деп атаса, ырасмий Кытай бийлигинин өкүлдөрү – ал жайларды жарандарды кесипке үйрөтүүчү  "борбор" катары сүрөттөп, толук  маалымат берүүдөн качышат.

Дүйнөлүк  Маалымат агенттиктерине чыккан маалыматтарда айтылгандай, Кытайдын Шинжан аймагындагы "саясий лагерлерден" кутулуп чыккан жеке адамдардын же алардын жакындарынын арыз армандарына байкоо салсак – ал лагерлер «концлагерлерге» айланып калгандыгын, ошол эле лагерлерде этникалык топторго карата маскировкаланган «геноцид» активдүү жүрүп жаткандыгын көрүүгө болот.

Ушул көйгөйдү чечүүгө өз салымыбызды кошуу макатында, бир катар активдүү жарандар, «Бүт Дүйнөдө Тынчтык» жарандык  кыймылын түзүп, Бишкек шаарында, БУУнун алдында, Тынчтык митинг  өткөрүп, БУУга кат түрүндө кайрылуу жасадык, көчүрмөсү тиркемеде.

Жалпы адамзат цивилизациялуу доордо жашап жатабыз дегенибиз менен,  айрым мамлекеттерде, Адам укуктары тепселенип, миӊдеген адамдар акылга сыйбаган мыкаачылыктын «курмандыгы» болуп жаткандыгы өтө өкүнүчтүү жана кооптуу.

Жогорудагылардын негизинде, Сиздерге  бир катар  суроолор менен кайрылабыз:

1.Расмий  Кытай бийлигине, Этникалык топторго жана кайрылмандарга чектен тыш кысым кылуунун  токтотууну талап кылган, расмий  Нота жөнөтүлдүбү?

2.Бириккен Улуттар Уюмунун  Генералдык Ассамблеясына кайрылып, аталган маселени БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин күн тартибине киргизүү каралдыбы?

3.Кытайдагы Этникалык Кыргыздарды,   Кыргыз Республикасына  өткөрүп алуу боюнча расмий  Кытай бийлигине сунуш жасалдыбы?

4.Учурда Кытайдан, артка кайта албай олтурган, Кыргыз Республикасынын жараны, кайрылман Турдакун Абилетке (2016-жылы  жарандык алган  кайрылман, 2017-жылы Кытайга кирген ошол бойдон чыга албай жатат), укуктук жактан кандай жардам көрсөтүлдү?

Ар бир адам,  Адамзаттын аӊ-сезимдүү өсүп өнүгүүсүнө каршы келген кылмыштуу аракеттерди токтотууга, Адам укуктарынын  туура өнүгүүсүнө салым кошууга милдетүү экендигин белгилей кетмекчибиз.

 Сиздерди Урматтоо менен,

«Бүт Дүйнөдө Тынчтык» жарандык  кыймылынын координатору  Айталиев Б.                                                                                                                          

«Бүт Дүйнөдө Тынчтык» жарандык  кыймылынын жооптуу катчысы Жолалиев.К.                                                                                                       

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости