www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды камтыган жана аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган аудио-билдирмелер менен видео тасмаларды тараткан учурлар көп кездешүүдө. Жарандарга эскертебиз, ушул сыяктуу материалдарды тараткандары үчүн  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Андан сырткары, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коркунучтар тууралуу эскертип, чагымчыл маалыматтарды камтыган материалдар массалык түрдө жайылууда. Эскертүү ирээтинде билдиребиз, ушул сыяктуу коркутуулар тууралуу 
маалыматтар интернет тармагында ушул жылы гана жайылбастан, бир канча убакыттардан бери дареги менен убактысы өзгөртүлүп, таркалууда. Биздин шаарда зыяндуу ийнелердин табылышы боюнча ушактар таралып, текшерүүгө 
алынганда бул маалымат жалган болуп чыкты. Кээ бир маалыматтык агенттиктер өздөрүнө тастыкталбаган маалыматтарды жайгаштырышууда. Жакындан бери башы кесилген бала тартылган видео тарап жатат. Маалымдайбыз, Кыргызстандын аймагында ушуга окшош кылмыш иши катталган эмес.

Бул окуя башка мамлекеттин аймагында 4 жыл мурда катталган. Ички иштер министрлиги жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Кыргыз Республикасынын ИИМи жарандарды социалдык тармактар аркылуу жайылып жаткан чагымчыл, жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана ушундай 
фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Чагымчыл маалыматтарды тараткандардын же аны 
менен бөлүшкөндөрдүн өздүгү такталып, тиешелүү жазаларды алышат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости