www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы (OCHA) Йемен коронавирустан согуштагыдан дагы көбүрөөк зыян тартарын эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемендеги гуманитардык иштер боюнча координатору Лиз Гранди өлкөдө коронавирустан курман болгондордун статистикасы согуштан, ооруудан жана ачарчылыктан каза болгондордун санынан дагы көп болот деп баса белгиледи.

"Дүйнөдө коронавирустун курмандыктары 7 пайызды түзөт. Ал эми Йеменде 20 пайызды түзүп жатат”, - деди Лиз Гранди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Йеменде 469 адам коронавируска жуктуруп, алардын 111и  вирустан көз жумушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости