www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге залакасын тийгизбеши керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна жасаган иш сапарында айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен достук мамилени сактоого чакырган.

"Акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен көйгөй жараткан чек ара маселелерин чечип келе жатабыз. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге, жалпы планга залакасын тийгизбеши керек. Биз токтоо, чыдамкай жана боорукер болгонубуз жакшы. Кошуна — миң жылдык. Эки эл жакын жашап, бири-бирин сыйлап турушу зарыл", — деди президент.

Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен кыргыз тараптан 25 киши жаракат алып, бир үй өрттөлсө, өзбек тараптан 187 киши жаракат алып, 3 үй өрттөнгөн. Өзбек тарап өзүнүн үйлөрүн өзүлөрү өрттөгөнүн жергиликтүү тургундар айтышууда. Алардын айтымында, алар мамлекеттен жардам алуу максатында ушундай кадамдарга барышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости