www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындын эли КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековду кечирим сурашын талап кылышууда. Алар журналистке атайын видеокайрылуу жасашты.

Кайрылууда эл эч кандай жол тосулбаганын айтып, эки айылды бириктирип талашка түшкөн маселени чечип берүүлөрүн талап кылышты.

Эске сала кетсек, 5-июнь күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кырк-Боз үй аймагына 150дөй киши жайлоого барчу жолду тосуп алган. Алар "Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз" деп чогулушкан. Аларга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолуккан эле.

Аталган окуя боюнча КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан Нарын элине видеокайрылуу жасаган. Журналист өз кайрылуусунда талашка түшкөн жайлоого бир түтүн эмес, 100 түтүн батаарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости