www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын ноябрь айында коронавирустун экинчи толкуну чыкса, АКШдагы президенттик шайлоо кандайча өтөт? Дал ушундай суроолор америкалык саясатчыларды ойго салып жаткан учуру.

Көптөгөн америкалыктар коронавирустун экинчи толкунунан коркушууда. Эгерде күзүндө вирусту жуктуруп алуу коркунучу көбөйүп кетсе, эмне болот?

Бирок ага карабастан, так ушул маалда - 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо пландаштырылууда.

Өлкөдө президенттик шайлоону кийинкиге калтыруу оорчундуу болгондуктан, мындай абалдан чыгуунун жолу - почта аркылуу добуш берүү. Бирок, аны өткөрүү 219 миллион шайлоочусу бар дүйнөдөгү үчүнчү калк жашаган өлкөдө жөнөкөй маселе эмес.

Германия сыяктуу башка өлкөлөрдөн айырмаланып, АКШнын көпчүлүк штаттарында почта аркылуу добуш берүү сейрек кездешет. Шайлоо күнү өлкөнүн сыртында жүргөн америкалыктар гана адаттагыдай эле бюллетенди толтуруп, аны почта аркылуу жөнөтүшөт.

Тилекке каршы, америкалыктардын көпчүлүгү почта добуш берүүнү каалашпайт. Ал тургай президент Трамп да почта аркылуу добушка ишене бербесин билдирип чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости