www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУму Башар Асад режимине таандык аскердик учактардын декабрь айында Сириянын борбор шаары Дамасктын Барада аймагындагы Айн ел  -  Фижа суу булагын атайын бомбалап согуштук кылмыш жасагандыгын жарыялады.

БУУнун Эл аралык көз карандысыз Сирия изилдөөлөр комиссиясынын 21 -  июль жана 28 -  февралдын арасында Сирияда адам укуктарын бузуу тууралуу териштирүүнү камтыган жаңы отчет БУУнун Женева офисинде улантылып жаткан Адам Укуктары Кеңешинин 34 -  отурумуна сунушталды.

Отчет комиссиянын Сирияга байланыштуу териштирүнүн негизинде 326 киши менен  өткөргөн сүйлөшүүлөр бардык тараптардын кыймылдарын иликтөө жана эреже бузуулар менен согуштук кылмыштар боюнча даярдалды. Отчетто режимге таандык аскердик учактары декабрь айында Айн ел  - Фижа булагын «атайылап» бомбалоо менен Дамаскта 5,5 миллион кишинин суусуз кылышына себеп болду.

Режимдин аба күчтөрүнүн кол салууларынан мурда  жарандардын бир суу кыйынчылыгын жашагандыгына байланыштуу  маалыматтын болбогондугу белгиленген отчетто бул кол салуулардын «суу кылмышы» экендиги баса белгиленди.

Режим күчтөрү 27 -  декабрда Дамасктын Барада аймагынын ичиндеги Айн ел  -  Фижа булагына кол салуу менен бул жердеги суу сактагычтарды зыянга учураткан. Кол салуудан кийин суусу токтогон борбор шаар Дамасктын суу муктаждыгы танкерлер алып келген суу менен камсыз кылынган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости