www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калдайган калк ичинде каңшаар каттуу тарап, калктын көбү жаркырап келе жаткан жаздын келишине караганда, көптүн көпчүлүгү  Ак үй тарапты аңдып калышты.

Баарына да шүгүрчүлүк, дегенибиз менен  кыргыз бийлиги кетирген катачылыктар көбөйгөндөн көбөйдү. Буга чейин тунгуч президентибиз Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди шылдыңдап келгендер түйшөлүп турган элдин түндүгүн так көтөрө алган жок.

Кайгылуусу ар ким өз жакынына жан тартып, алакандай кыргыз эли жек-жаат болуп эки-экиге бөлүнүп айтышканы эле болбсо колубуздан башка эч нерсе келчүдөй эмес.

Ага себеп Алмазбек Атамбаевдин дипломаттык миссиялардын жетекчилерин жылуу кабыл алып, аларды ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышын куттуктоодо бир топ, президенттик сөзгө тийешесиз сөздөрдү айтып, социалдык тармактарды “дүңк” эле боло түштү.

Эмне дейбиз, айла жок. Эми Кыргызстандын тарыхында калган март айынын планына көз жүгүртөлү.  Жаратылыш каарын салбаса эле,  коомдук ишмер Эдил Байсалов 17-мартта жарандарды жөө жүрүшкө чакырса, ошол эле күнү Аксыда маркумдарды эскерүү жыйыны өтөт. Ал эми 23-мартта “Ата Мекен” партиясы ири митинг өткөрүүнү жар салса, 25-март күнү ЖК экс-депутаты Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келет.

Бирок, учурда калк арасында жана аттуу-баштуулар Садыр Жапаров Кыргызстанга кайтып келсе, Өмүрбек Текебаевдин тагдыры күтүп турат деп айтышууда.

Узун кулак саясатчылардын айтымына караганда Садыр Жапаровдун артында Орусия турат дагы Садыр Жапаров Кыргызстанга сөзсүз келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости