www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын футбол клубу 2010-жылы өзүнүн көңүлдөшүн өлтүрүүнү уюштурган деп айыпталган дарбазачы менен келишим түзгөндөн кийин, массалык нааразылыктардын толкунунда калды.

Дарбазачы Бруно Фернандес экинчи дивизиондогу "Боа Эспоре" клубу менен дүйшөмбү күнү келишим түзгөн. Ал түрмөдөн бошоп чыкканына аз гана убакыт болгон эле. Футболчунун чоң спортко кайтышы демөөрчүлөрдү да нааразы кылды. Социалдык тармактарда катуу кыжырдануулар айтылып жатат.

2013-жылы Бруно Фернандес 22 жылга эркинен ажыратылган. Ага Элиза Самудиону уурдаган жана өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылган. Бирок анын доо арызы каралганга чейин эркиндикке чыккан экен. Жактоочулары сот өз учурунда доо арызды карабагандыктан, аны абакка кайра олтургуза албайт деп айтууда.

Үрөй учурган окуя

Элиза Самудионун дайынсыз жоголуп, кийин киши колдуу каза табышы боюнча үрөй учурган окуя учурунда жергиликтүү басылмаларда кеңири чагылдырылган.Элиза Самудионун дайынсыз жоголуп, кийин киши колдуу каза табышы боюнча үрөй учурган окуя учурунда жергиликтүү басылмаларда кеңири чагылдырылган.

Элиза Самудионун дайынсыз жоголуп, кийин киши колдуу каза табышы боюнча үрөй учурган окуя учурунда жергиликтүү басылмаларда кеңири чагылдырылган.

2010-жылы Бруно Фернандес биринчи дивизиондогу "Фламенго" футбол клубунун ийгиликтүү дарбазачысы болгон. Ал 2014-жылдагы Дүйнө чемпионатында улуттук курама команданын негизги дарбазачысы болот деп күтүлүп жаткан.

Анын камакка алынышы, Фернандес өзүнүн мурда сүйлөшүп жүргөн кызынын өлүмү боюнча айыпталганы футбол күйөрмандарын нес кылган. Тергөө кызды Рио-де-Жанейродогу мейманканалардын биринен уурдап кетишип, аны муунтуп өлтүрүшкөнүн айтты. Анын денесин иттерге салып беришкени белгилүү болгон.

Прокурорлор бул өлүм Фернандестин буюртмасы менен ишке ашкан деп айып коюшкан. Ал учурда футболчу үй-бүлөлүү болгон. Ошондуктан Элиза Самудио экөөнүн ортосундагы баланы өзүнүкү эмес деп моюнуна албай, ага жөлөкпул төлөбөштүн айласын издеген.

Фернандес бул өлүмгө катыштыгы болбогонун айткан. Бирок ал буюртма боюнча эле эмес, Самудионун өлүмүнө түздөн-түз катышкан жана баласын уурдап кеткен деп айыпталган.

Ал өзүнүн жаза мөөнөтүнүн бир бөлүгүн гана өтөп, кайра чоң спортко кайтам дегени көпчүлүк бразилиялыктардын кыжырын кайнатты. Клубдун үч демөөрчүсү колдоодон баш тартты. Социалдык тармактарда муну уяттын жана адилетсиздиктин жеткен чеги катары сыпаттап, пикир айткандар болууда.

Келишим түзүлгөнү тууралуу кабар тарагандан кийин активисттер футбол клубдун сайтын бузуп кирип, өлкөдөгү аялдар өлүмү боюнча текст жайгаштырган.

Ошол эле учурда абактан бошогондон кийин футболчу кадимки жашоого кайтышы керек деп пикир жазгандар да болду.

Булак: "bbc.com"

Последние новости