www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда тынчтыктын түзүлүшү үчүн Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы кечээ башталды.

Орусиянын Сирия режимине абадан бомбалоонун токтотулушу тууралуу жетерлик кысым жасабагандыгын ойлогон оппозиция чечимин өзгөртүп сүйлөшүүгө катышарын билдирди.

Оппозициячыл  аскердик техникалык  группа бүгүн Астанага барышарын жарыялады. Аз санда кишиден турган группа аянттагы ок атышпоолор тууралуу сүйлөшүшөт. Бейшемби күнү сүйлөшүүлөргө катыша турган группа Түркия жана Орусияга ок атышпоо эрежелерин бузуу тууралуу маалымат берет.

Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүндө түрк делегациясына тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Седат Өнал жетекчилик кылууда. Түркия жана Орусиянын кепилдигинде түзүлгөн ок атышпоолор 30 -  декабрда ишке кирген.

Асад режими күчтөрүнүн ок атышпоо эрежелерин бузуу боюнча Казакстандын борбор шаары Астанада 23 – 24 -  январда Түркия жана Орусиянын жол башчылыгында бир жыйын өткөргөн.

Ок атышпоолорду күчтөндүрүү күн тартиби боюнча чогулган Түркия, Орусия, Иран, БУУ, оппозиция жана режим делегациялары ок атышпоолорду иликтөө үчүн үчтүк механизм түзүү боюнча келишкен.

6 -  февралда бир гана кепил өлкөлөр катышкан жыйында иликтөө механизмине байланыштуу техникалык темалар каралган. 15 – 16 -  февралдагы экинчи жыйында бардык тараптар кайрадан жолугушту. Аскердик оппозиция Орусиянын кепилигиндеги режим күчтөрүнүн эреже бузуулрды улантуусу менен Астанадагы 3 -  жыйынга катышпай тургандыгын жарыялаган болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости