www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Баткенде 8772 даана изолятор жаңыланат

Энергетика министрлигинин энергетика тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча иш-пландарынын алкагында «Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы —Баткен электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматы тарабынан 220/110/35 кВ аба чубалгыларында жалпысынан 8 772 даана эскирген изоляторду жаңысына алмаштыруу пландалып жатат.

2026-жылга каралган план-графикке ылайык:

4 200 даана изолятор — Кызыл-Кыя бөлүмү

1 572 даана изолятор — Сүлүктү бөлүмү

3 000 даана изялятор — Баткен бөлүмү тарабынан эскирген изоляторлор жаңы айнек изоляторлого алмаштырылат.

Аталган иштер Баткен электр тармактар ишканасынын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында уюштурулуп, март айынан тарта ноябрь айына чейин этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул иштердин жыйынтыгында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын техникалык абалы жакшыртылып, керектөөчүлөргө электр энергиясын сапаттуу жана туруктуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Белгилей кетсек, 2025-жылда Баткен электр тармктар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба тармактар кызматынын 220/110/35 кВ аба чубалгыларында 7200 даана эскирген изолятор толугу менен жаңысына алмаштырылып, 7513 даана жаңы айнек изоляторлор коюлду.

Последние новости