www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузия миграция эрежелерин катаалдаштырат

Грузияда чет элдиктер, анын ичинде аралыктан (онлайн) иштегендердерге жумушка орношуу үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.

Эми эмгек келишим түзүү үчүн D1 жумуш визасы же жашоого уруксат талап кылынат. Жаңы талаптар жеке ишкер катары катталган чет элдиктерге да тиешелүү: алардын кызматы аралыктан көрсөтүлсө дагы, жумушка уруксат алышы керек болот. Бул биринчи кезекте IT адистерине жана башка фрилансерлерге тиешелүү.

Бул өзгөртүүлөр мигранттардын, атап айтканда, украин качкындарынын жана мобилизация жарыялангандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын абалын татаалдаштырышы мүмкүн экени белгиленүүдө.

Белгилей кетсек, 1-октябрдан баштап өлкө бийлиги миграция саясатын катаалдаштырганын жарыялаган. Премьер-министр Ираклий Кобахидзе 2025-жылы мурунку он жылдыкка караганда мыйзамсыз мигранттар көбүрөөк депортацияланганын билдирди. Пландар боюнча дагы 20 000 адамды депортациялоо каралган.

Ошол эле учурда, мөөнөтүнөн ашык жүргөндүгү үчүн айып пулдар да көбөйтүлүүдө. Буга чейин "виза берүү" деп аталган эрежени бузгандыгы үчүн айып пул 180 лари болсо, азыр ал 1000 лариге (болжол менен 316 евро) чейин көтөрүлдү.

Андан тышкары, чек ара көзөмөлү жана өлкө ичиндеги көзөмөл күчөтүлдү. Ички иштер министрлигине миграция эрежелерин бузгандарды аныктоо боюнча кошумча ыйгарым укуктар, анын ичинде чет элдиктердин үйлөрүн текшерүү укугу да берилди. Көчөлөрдө документтерди текшерүү да көп болуп, депортациялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

 

Последние новости