www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-апрелде Флоридадан чыккан Caribbean Princess круиздик кемесинде 100дөн ашуун адам норовирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда кеме Доминикан Республикасынын жээгинде жүрөт. Кеме бүгүн Флоридага кайтып келиши керек.

Норовирус 102 жүргүнчүдөн жана экипаждын 13 мүчөсүнөн аныкталганы айтылат. Учурда кемеде күчөтүлгөн санитардык чаралар көрүлүп, вирус жуктургандар каюталарында обочолондурулуп жатат.

Адистердин айтымында, норовирус адамдан адамга өтө тез жугат. Ошондой эле булганган тамак-аш, суу жана ар кандай буюмдардын беттери аркылуу да тарайт. Оорунун негизги белгилери — ич жана баш ооруп, дене табы көтөрүлөт

Последние новости