www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен депутат Осмонбек Артыкбаевге жемкорлук айыбы тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу билдирди.
Анын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевдин тийиштиги бар делген Бишкек ЖЭБи боюнча тергөө аяктады. Учурда материалдар менен таанышуу башталды. Осмонбек Артыкбаев азыр Улуттук травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Ал бир канча жолу операция болду. Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө абагында. Материалдар сотко 25-январдан кийин келип түшөт.
Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевге Бишкек ЖЭБ боюнча козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ УКМКга чакырылып күбө катары бир нече жолу сурак берди.
Булак: NazarNews.kg