www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келечекте суу ресурстары азайып, күндөн жана шамалдан көбүрөөк энергия алууга өтүп калышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Абдыкадыров Майрамбек Жумагулович eurasiatoday.ru сайтына маек берген.

Кыргызстан дүйнөдөгү сууга бай алдыңкы 20 мамлекеттин катарында болгондугуна жана гидроэнергетикалык чоң мүмкүнчүлүктөрүнө карабай электр энергиясы менен өзүн-өзү камсыз кыла албай келет. Чоң ГЭСтерди курууга ири суммада акча керек экендиги белгилүү. Ошол эле учурда тоолордон ылдый аккан суулар менен дарыялардын боюна чакан ГЭСтерди курууга, күндөн, шамалдан электр энергиясын алууга шарты бар. Бул багытта мамлекет тарабынан бир топ иштер жүргүзүлүп  жатат. Президентибиз Садыр Жапаров  мындай ГЭСтерди курууга басым жасап келет. Биз чакан ГЭСтердин курулушу, анын кайтарымдуулугу жана өлкөбүздү энергетикалык кризистен чыгарууга канчалык салым кошо алары тууралуу Чакан ГЭС ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Абдыкадыров Майрамбек Жумагулович менен маектештик.

- Майрамбек Жумагулович, акыркы жылдары өлкөбүздөгү электр энергиясынын тартыштыгынан улам мамлекет жетекчилиги, президентибиз Садыр Жапаров жеке өзү Чакан ГЭСтерди курууга басым жасап, бир топ пландарды түзүүдө. Бүгүнкү күндө бул багытта кандай иштер аткарылууда?

- Саламатсыздарбы, бүгүнкү күндө президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө боюнча бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы, биздин Чакан ГЭС ААКнын тарабынан азыр “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушу башталды. Бүгүнкү күндө бул чакан ГЭСтин курулушуна керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп, 110 киловольттук электр чубалгыларын, тирөөчтөрдү коюп жатабыз. Андан тышкары жабык электр бөлүштүрүүчү жабдуу курулмасын да куруп жатабыз. Кечээ жакында машинный зал менен деревациялык суу өткөрмөсүнүн долбоору мамлекеттик экспертизадан чыкты. Ошонун негизинде келээрки жумада конкурска бул объектилерди коёбуз. Азыр ГЭСтин курулушуна керектүү жабдыктар толугу менен келип бүттү. Азыркы күндө Улуттук электр тармактар ишканасы керектүү иштерди жүргүзүп жатат. Мындан тышкары ГЭС имараттын курулушу да бар, аны  келээрки жылы бүткөрүүнү планга койдук. Андан тышкары “Бала-Саруу” ГЭСи бизге эң чоң чыңалуудагы, саатына 25 мегаваттык электр энергиясын бере турган болгондуктан, 2023-жылдын соңуна ишке берүүгө аракет кылып жатабыз.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясын өндүргөн Чакан ГЭСтер барбы?

- Ооба, бүгүнкү күндө электр энергияны өндүргөн  жеке менчик да, мамлекеттик да чакан ГЭСтер бар. Биздин акционердик коомубузда тогуз чакан ГЭСибиз бар. Алар: Лебединовка ГЭСи, Аламедин ГЭС-1, Аламедин ГЭС-2, Аламедин ГЭС-3, Аламедин ГЭС-4, Аламедин ГЭС-5, Аламедин ГЭС-6, анан эң эски ГЭСибиз бар, аны кичи Аламедин ГЭС деп коёбуз, тогузунчусу Быстровка ГЭСи.

- Алар мамлекетке карайбы же жеке менчикпи?

- Жок, ачык акционердик коом мамлекеттик болгондуктан, алар да мамлекеттики болуп эсептелет.

- Алардын кубаттуулугу канчалык?

- Булардын жалпы кубаттуулугу 38,5 мегаватты түзөт.

- Чакан ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвесторлор да тартылып жатабы?

- Жогоруда айтылган Бала-Саруу чакан ГЭСин мамлекетибиздин жеке каражатына куруп жатабыз. Кийинки келечекте чет элдик инвесторлор келип жатат. Алар Тар дарыясына жана Кара-Көл шаарына курула турган 18ден 20 мегаватт кубаттуулуктагы чакан ГЭСтерибиз бар. Орто-Токой ГЭСине дагы чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу кызуу жүрүп жатат.

Чакан ГЭС куруу учун биринчи орунда каржы маселеси турат. Себеби акча каражатсыз ГЭС куруу кыйын болот. Экинчиден, ГЭСтин технико-экономикалык негиздеме (ТЭО) түзүлүшү зарыл. Андан кийин долбоор түзүлүп, анын негизинде канча салым кошулары эсептелип чыккандан кийин билинет. Кичинекей эле 1 мегаваттык ГЭСти куруш үчүн жабдыктарды сатып алууга 1 млн АКШ доллары керек болот. Мындан тышкары калган курулуш иштерин бүтүрүүгө да 1 млн АКШ доллары, жалпысынан 2 млн доллар керектелет.

- Тиешелүү документтер да талап кылынса керек?

- Ооба, сөзсүз. Анткени баардык жерге, жеке менчикпи, мамлекеттик болобу, ошол жерди сатып алыш же 49 жылгабы, 100 жылгабы ижарага алыш керек. Бул жагдайларды жергиликтүү бийлик менен тактап, бул документтер бүткөндөн кийин гана иш башталат.

- Азыркы жана келечекте курула турган чакан ГЭСтер өлкөбүздүн электр энергиясына болгон керектөөсүнүн канча пайызын түзөт?

- Бүгүнкү күндө келечекти алдын ала айтыш деле кыйын болуп калды. Ошондуктан мен Сиздин бул сурооңузга келечекте чакан ГЭСтер өлкөбүздүн электр энергиясына болгон керектөөсүнүн мынча пайызын камсыз кылат деп так жооп бере албаймын. Себеби жылдан жылга электр энергияясына болгон суроо-талап өсүп жатат. Ошондуктан электр энергиясын өндүрүүгө кайра жаралуучу энергия булактарына (ВИЭ) өтүүгө туура келет. Бул глобалдык суроо болуп турат. Балким, күндөн же шамалдан электр өндүрүүчү станцияларды куруп калышыбыз мүмкүн. Чакан ГЭСтер ушундай пландарды түзүп жатабыз. Келечекте Кыргызстандын ички дүң базарындагы электр энергиясына болгон керектөөсүн чакан ГЭСтердин санын көбөйтүү менен эле жапса мүмкүн болот деген ойдомун.

Маектешкен Эмилбек Момунов.

 

Последние новости