www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун көңүлүн ачкан Руслан Кыдырмышев деген саунаны «сайраткан» саясатчы 2021-жылы Бишкек шаарынын Октябрь бир мандаттуу округунан парламенттик шайлоого катышып, элдин колдоосуна татыбай, четке сүрүлгөн. Аткаруу кызматында жетиштүү тажрыйбасы жоктугуна карабай, жакында президенттин кеңешчиси болду. Саясый элитадагы коомчулук түшүнбөй калды. «Акылмандыгы ашып-ташып жатпаса, кандайча кеңеш берет? Заманбап билимдүү, же гений эмес го?» дегендей таңыркоолор жаралып. Көрсө, кеп башкада экен. Айрым билермандар «Руслан Кыдырмышев баняны ырастап, парда кантип чер жазуунун үлгүсүн көрсөткөнү үчүн...» деп мыйыгынан жылмайышты. Мындайды кыраакы адамдар илгиртпей аңдайт эмеспи. Биз билбей жүрсөк, бул жагы да өзүнчө өнөр тура.
Чеченстандын биринчи президенти Жохар Дудаев Орусиядан бөлүнөбүз деп орус-чечен согушу чыккан. Армяндардан тараган чечендердин экс-президенти Жохар Дудаев : «Кавказда чечендер шок (дерзкий) эл болсо, Борбор Азияда кыргыздар шок эл» дегени бар. Жохар Дудаев 1991-жылы Чеченстанга президент болуп, 1995-жылы Орусиядан бөлүнөм деп жүрүп жок кылынган. Эгер Кыргызстанда болуп жаткан бийлик алмаштырууларды көрсө, Дудаев дагы эмне дейт эле? Чечендердин бир республика болуп биригишине армян Анастас Микояндын эмгеги чоң. Ал 1920-жылдары Сунжен казак округун кошуп чечендерге зор республика түзүүгө түрткү болгон. Улуу Ата мекендик согуш учурунда чечендер гитлердик армияны нан, туз менен тосуп алып, Сталиндин каарына калган.
Сталин 1944-жылы чечен элин репрессия кылып, бир түндө бүт чечен элин поюзга жүктөп, Казакстан менен Борбор Азияга чачып жиберет. Ачкачылыктан, салтты катуу сактагандыктан, аксакалдардын көзүнчө заара ушаткандан уялышып далай кыз-келиндер жан-таслим болушкан. Ушундай алааматка Сталиндин оң колу эсептелген Анастас Микоян да жардам бере алган эмес, анткени, анын өзүнүн башына мүшкүл түшүп, армян менен чечен бир эл экенинен улам атылып да кетмек. Чечендер Кыргызстанга да келген. Ушундай даңазалуу чечендин бири Махмуд Эсембаев. Бул бий өнөрү менен ааламдын оозун ачкан. Чечендер, балкарлар, ингуштар, карачайлар Хрущевдин заманында өз мекенине кайта баштайт, ал эми кайра куруу заманында биротоло кетип бүтүшөт. Токмок шаарында туулган дагы бир чечен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев тууралуу кептин аягы бүтпөй келатат. Акаевдин заманы учурунда чечендердин мафиясы Кыргызстанды каптап кеткен. Ар бир баш көтөргөн кыргызстандыктарды чечендер жанчып турган. Ушундай мезгилде чечендерге каршы «авторитет» Рыспек Акматбаев чыгат. Акматбаевдин криминалдык топтору менен Азиз Батукаевдин криминалдык топтору ортосунда кандуу кармаштар болуп турган. Азиз Батукаевдин криминалдык топтору Рысбек Акматбаевдин бир тууганы парламент депутаты Тынчтык Акматбаевдин өлүмүнө себеп болот. Көп өтпөй Рысбек Акматбаев да мечиттен чыгып келатып ажалга туш болот.
Жохар Дудаев кыргыздар менен жакшы мамиледе болгон. 1992-жылы чечен талаа командири Шамил Басаев Карабахка мусулман азербайжан элинин тарабында согушка кирет. Армяндар ошондо айткан экен: «Кавказдын түпкү эли, бир тууганы кавказдын түпкү элине каршы согушпайт» -деп. Ушул сөздү уккан Шамил Басаев жоочулары менен кетип калган дешет.
Чечендер жана армяндар өздөрүн кавказдын түпкү эли катары санашат. Ал эми түрк тилдүү азербайжандарды көчүп келгендер катары эсептешет. Чечендер тууралуу жетинчи кылымда армян окумуштуусу географиялык эмгегинде жазган экен. Дагы бир айтылган версия боюнча индоевропалык армяндар биздин заманга чейин миң жыл мурун чечендер менен аргындашып мурдулары коңкоюп калган. Чечендер Түндүк Кавказга жылып кетишкен, бул эки тилдин ортосунда да окшоштуктар көп. Нахичеван –нахтардын жери дегенди билдирет, «нах» деген чечен тилинде эл деген сөз.
Жыйырманчы кылымдын башында Чеченстандын борбору Грозныйда армяндардын өзүнчө тобу бар экен. Бул шаарда армяндардын мектеби, дүкөндөрү, устаканалары болгон, ал эмес армян театрларында армян тилинде спектаклдерди көрсөтүп турган. Эски сүрөттөрдө армян чиркөөлөрү болгонун, аны 1930-жылдары сталиндик баш кесерлер жок кылганын билүүгө болот. Көпчүлүк Чеченстандагы армяндар 90-жылдары бул жерлерди таштап, өз мекенине кетишкен.
1942-жылы Чеченстанга кирип келген немецтерди тосуп калууда көптөгөн армяндар баатырларча курман болгон. Аларга арналган эстеликтер да сакталууда. Балким ушундан улам Сталин Микоянды 1944-жылы кечирип, бирок чечен элин кечирбей, бүтүндөй бир элди репрессиялап көчүрүп жиберген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg